Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

"Шишип, кан чыкканча жүрбөш керек". Эмчек рагы кечиккенди кечирбейт

Коллаж
Коллаж

мазмуну

  • Эмчек безинин рагынан сактануу эмне үчүн маанилүү?
  • Дарт кандай учурда тукум кууйт?
  • Уу коргошун рак клеткаларын өлтүрөбү?
  • Эмчектеги шишик башка органдарга кайсы учурда жайылат?

Саламаттык сактоо министрлигинин июнь айындагы маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын эмчек безинин рагына байланыштуу 800дөй аял кайрылат.

15-октябрь - эмчек рагына каршы эл аралык күнүндө Улуттук онкология жана гемотология борборунун дарыгери, маммолог, хирург Алмаз Абдылдабеков менен эмчек рагы, дартты эрте аныктоо жана убагында дарылоо тууралуу маектешебиз.

- Алмаз мырза, өнүккөн өлкөлөрдө эмчек рагын 1–2-стадияда аныктоо көрсөткүчү абдан жогору экен. Кыргызстанда бул дартка кабылган аялдар догдурга кеч кайрылары айтылып келет. Ага эмне себеп болууда?

Алмаз Абдылдабеков
Алмаз Абдылдабеков

- Бизде рактын 1–2-стадиясы менен кайрылгандар 60–70% түзөт. 2-3-стадия менен келгендерге караганда көбүрөөк десем болот.

Дарыгерге кеч кайрылууга элет жеринде маммография жабдыктарынын жоктугу, онколог-адистердин жетишсиздиги себеп болууда.

Коркуп же башка себептерден улам убагында келбей, оорусун өтүштүрүп алгандар да бар. Онкологияда убакыт абдан чоң роль ойнойт. Бейтап канчалык эрте келсе, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Кыргызстанда эки жылдан бери онкологиялык экспедиция уюштурулуп келет. Буга чейин дарыгерлер Талас, Нарын, Жалал-Абад аймактарына барышкан. Буюрса, ушул жумада Баткенге жол тартышат. Муну кайсы бир деңгээлде ооруну алдын алуу чаралары деп эсептесек болот, анткени мурда мындай тажрыйба жок эле.

Бирок бул деле жетишсиз, анткени дарыгерлер элетте ашып кетсе бир жума жүрүшөт. Анан калса Бишкек жана Ош шаарынан башка аймактарда маммография жок. Эгер элетте бул жабдык жетиштүү болсо, ооруну эрте аныктоого чоң жардам бермек.

- Мурда маммографиядан 50 жаштан баштап өтүп туруу керек деп эсептелчү экен. Батышта азыр оорунун жашарганына байланыштуу 40 жаштан тарта текшерилсин деген талап коюлуп жатыптыр. Бизде бул жагы кандай?

- Кыргызстан азыр дүйнөлүк стандартка өтүп жатат. Демек, бизде дагы 40 жаштан өткөн аялдар жылына бир маммографиядан өтүп турууга тийиш. Статистика боюнча 34 жаштан 64 жашка чейинки куракта эмчек рагы көп кездешет.

Бирок рак маммография менен эле аныкталбайт, андан башка да изилдөөлөр жүрүшү керек. Эң жөнөкөйү - ультра үндүү изилдөө (УЗИ). Эмчекте шишик болсо, адегенде ушул жабдык менен текшерип, андан ары маммографияга жиберебиз.

- Адатта рак баштапкы баскычында белги бербейт дешет. Бирок адам медициналык текшерүүгө чейин эле денесиндеги кайсы өзгөрүүлөрдөн улам билсе болот?

- Теринин өзгөрүшү же үрптөн суюктук чыга баштаганы оору өтүшүп кеткенинен кабар берет. Бул залалдуу шишик чоңоюп, 3–4-стадияга өттү деген белги. Шишик териге жакын болсо, бат эле билинет. Бирок бирөөнүн эмчеги чоң, экинчисиники кичине болот да. Эгер шишик тереңде болсо, аял аны байкабай да калышы мүмкүн.

Эң башкы белгилери - тери лимондун кабыгына окшоп катыйт же үрп ичке карай тартылат. Ошон үчүн ар бир аял шишик барбы же жокпу деп эмчегин, колтуктун астын кармалап турушу керек.

Бирок бул ыкма дагы жетишсиз, себеби рак башында белги бербейт, дене оорубайт. Ошондуктан милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүп турганы оң. Бизге келген аялдардын көбүнөн залалсыз шишиктер табылат. Мисалы, ашказан ооруса эле дароо рак дебейбиз да, гастрит же жара болушу мүмкүн. Эмчектеги оорулар дагы ошондой, кээде киста, диффузиялык мастопатия же фиброаденома болуп чыгат. Андай учурда анализ тапшыртабыз, ультра үндүү изилдөөдөн өткөрөбүз, ошого жараша дарылайбыз же тийиштүү адистерге жиберебиз.

- Бизде дарыгерлер айыгып, бирок кайра текшерилүүгө барган бейтаптардын колтугун, лимфа түйүндөрүн эле карашат экен. Бирок рак клеткалары кан аркылуу башка органдарга, мисалы, мээге же сөөккө чаап кетиши мүмкүн турбайбы?

- Эгер бейтап рактын 1–2-стадиясында келип, нур же химиотерапия алып же операция болуп, толук дарыланат. Андан кийин ар бир үч айда келип текшерилип турушу керек. Бир жылдан кийин алты айда бир келе баштайт. Анан жылына бир көрүнүп тур дейбиз. Беш жылда толук ремиссияга чыккандар бар. Текшерүүгө келип жүргөн бейтап өзүн жакшы сезсе, жөнөкөй анализдерди тапшырганы жетиштүү. Эгер башы ооруп, дем алуусу оорлошуп же бели сыздап жатканын айтса, анда компьютердик томографияга (КТ) же магниттик-резонанстык томографияга (МРТ) жиберебиз. Кээде дарыланып кеткенден үч ай өтпөй эле мээде, өпкөдө же сөөктө метастаз табылган учурлар болот, бирок анын пайызы төмөн. Эмчек рагы бир эле оору эмес, анын түрлөрү көп. Ошол түрүнө, бейтаптын абалына жараша нур же химиотерапия дайындалып, операция жасалат.

- Батышта ракты алдын алуу үчүн генетикалык тесттер кеңири колдонулат экен. Мисалы, апасы эмчек рагына чалдыкса, кызы дагы текшерилет экен. Ошондой ыкмалар бизге жеттиби?

- Рак - дүйнөдө толук изилденип бүтө элек оору. Анын пайда болуу себептери да ар түрдүү. Негизги факторлордун бири - тукум куучулук. Оору чоң энеден же апасынан кызына өтүшү мүмкүн. Батышта ошону билүү үчүн BRCA1 жана BRCA2 гендеринин мутациясына тест тапшырышат. Бул анализди бизде жеке лабораториялар жасайт. Биз келгендерден "Чоң апаңыз, таенеңиз же апаңыз эмчек рагы менен ооруган эмес беле?" деп сурайбыз. Макул болсо генетикалык тест тапшырууну сунуштайбыз, баш тартса кыстабайбыз. Бирок аялдан рак табылып калгандан кийин BRCA1, BRCA2 тестин тапшыруунун кажети жок.

- Батышта органды сактап калуучу хирургияга басым жасашат экен. Кыргызстанда эмчекти толугу менен алып салбай, сактап калуучу операциялар жасалабы?

- Ооба, жасалат. Биздин бөлүмдө пластикалык хирургдар бар. Мындай учурда шишиктин көлөмү жана колтуктагы бездер чоң роль ойнойт. Шишик чоңоюп кеткенде ошончо жерди кесип алууга туура келет. Эгер шишик кичинекей болуп, эмчектин көлөмү ыңгайлуу болсо, органды сактап калуучу операциялар жасалат.

- Кыргызстанда ракты дарылоодо заманбап протоколдор колдонулуп жатканын айттыңыз. Бейтаптарды дары-дармек менен камсыздоо жагы кандай? Мындан улам үй-жайын сатып, насыя алгандар да бар экен…

- Бизде протоколдор беш жыл сайын жаңыланып турат. 2025–2026-жылдары жаңы протокол киргиздик. Ал толук ишке киргенде, өнүккөн өлкөлөрдө ракты кандай дарыласа, бизде да ошондой ыкмалар колдонула баштайт, тагыраагы, дүйнөлүк стандартка өтөбүз. Мисалы, мурда шишиктен кичине кесип алып, гистологиялык анализге жиберишчү. Рак шишиги аныкталса, операция жолу менен органды алып салышчу. Азыр анын ордуна биопсия эле алабыз. Ага наркоздун да кереги жок, тырык да калбайт. Ашып кетсе 15 мүнөттүк иш. Бир жумада жыйынтыгы чыгат, ошого жараша химиотерапия же операция дайындалат.

Биздин бөлүмдө химиотерапияга керектүү дарыларды мамлекет алып берет. Онкологиялык илдети аныкталып, каттоого тургандарга анализдер жана ультра үндүү текшерүүлөр акысыз. Каттоого турбай көрүнгөндөр дагы бар да, алар кайсы бир деңгээлде акы төлөп калышы мүмкүн.

- Бизде ракка чалдыкканын укканда табыптарга барып, уу коргошун (аконит) ичкен учурлар кездешет...

- Бизге эмчеги шишип, үрпүнөн кан аралаш ириң чыккан бейтаптар да келишет. Оору 4-стадияга өтүп кеткенин дароо билесиң. Алар уу коргошун ичкенин, табыпка көрүнгөнүн айтышат. "Бизге эмнеге эртерээк келген жоксуз?" десек, биопсиядан коркконун айтышат. Эгер рак шишиги болсо биопсиядан корксоң да, коркпосоң да өсөт. Кээ бир адамдарды жакындары табыпка же эмчи-домчуга сүйрөп жөнөйт. Бул эми кыянаттык. Анткени рак 4-стадияга өтүп кеткенде дарылоо өтө кыйын, кеч болуп калат.

- Жакындары демекчи, эмчек рагына чалдыккан аялдар үчүн туугандарынын, күйөөсүнүн колдоосу чоң роль ойносо керек?

- Албетте. Жакында эле ооруп калган аялын күйөөсү үйүнөн кууп жибергенин уктум, бул акылга сыйбаган жорук. Кээ бир аялдар ооруп калганын эч кимге айтпай жашырат экен, бул дагы туура эмес.

Кээде диагнозду бейтапка айта албай кыйналабыз. Ошондой учурда жакындары жанында болсо бизге да жакшы, "дарылансын, көндүргүлө" дейбиз.

Айрым бейтаптар химиотерапиядан кийин алсырайт, дары керек болот. Жанында киши болбосо оор эле. Кыскасы, ракка чалдыккан киши үчүн жакындарынын камкордугу өтө маанилүү.

- Соңку жылдары кыргызстандык бейтаптар акча чогултуп, Кытайга же Түркияга барып дарыланып жатышат. Тилекке каршы, чыгымы акталбай каза болуп калган учурлар да кездешет.

- Башка органдарды айта албайм, бирок бизде эмчек рагына каршы эл аралык стандарттарга жооп берген дары-дармектер, нур терапиясы жана хирургиялык ыкмалар жетиштүү. Кээде чет өлкөдө дарыланган бейтаптардын кагаздарын карасаң, биздегидей эле дары бергенин көрөсүң.

Бул жерде "медициналык маркетинг" же "медициналык туризм" дагы чоң роль ойноп жатат. Чет элдик клиникалардын өкүлдөрү элди жарнама менен өзүнө тартууда. Терс пикирлер, биопсияга же дарыгерлерге ишенимдин аздыгы дагы бейтаптарды сыртка кетүүгө түртөт.

- Өзүңүз жогоруда айткандай, эмчектин залалсыз шишиктери бар да. Аларды дароо эле операция жолу менен алып салган туурабы?

- Дүйнөлүк протокол боюнча, эгер залалсыз шишик (мисалы, фиброаденома) 2 сантиметрден ашып кетсе, хирургиялык жол менен алуу сунушталат. Андан кичине болсо, тийбейбиз. Динамикалык байкоо аркылуу ар бир алты айда же жылына бир ультра үндүү текшерүүдөн өткөрүп, байкоо салып турабыз.

Залалсыз шишиктердин түрлөрү көп, фиброаденома, киста, папиллома ж.б. Аларды дарылоо шишиктин көлөмүнө, кан айлануусуна жана түзүлүшүнө жараша чечилет. Айрым кисталарды жөн гана шприц менен сордуруп алса болот. Дарылоодо бейтапты кыйнабайбыз, ага бардык варианттарды түшүндүрүп беребиз, чечимди өзү кабыл алат.

"Жатын рагынан эмдөө сактайт, эмчек рагы тукум кууйт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

- Операция болгон бейтап канча убакта калыбына келет?

- Бул операциянын көлөмүнө жараша болот. Залалсыз шишиктерди алганда бир-эки жума ооруканага келип турат, андан кийин мурдагы жашоосуна кайтса болот.

Залалдуу шишикке чалдыкканда, айрыкча эмчекти алып салгандан кийин бейтап 20 күндүн ичинде өзүнө келет. Бирок колтуктагы лимфа түйүндөрү кошо тазалангандыктан, денеге, айрыкча колго оорчулук келбеши керек. Эки килограммдан ашык жүк көтөрүүгө болбойт.

- Кесиптик тажрыйбаңызда колуңуздан айыгып кеткен бейтаптар болду беле?

- Рак - үмүтсүз оору эмес. 1-стадияда айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү 90%. 2-стадияда да жашап кетүү көрсөткүчү абдан жогору. Эң башкысы - ар бир аял жыл сайын медициналык текшерүүдөн, ультра үндүү текшерүүдөн же маммографиядан өтүп турууга тийиш. Оору канчалык эрте аныкталса, толук сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончо жогору.

- Кыргызстанда онкологдорго чет өлкөгө барып окуу же тажрыйба топтоо шарттары каралганбы?

- Түркияга, Орусияга, Европага иш сапар менен барып, тажрыйба алмашып турган дарыгерлер бар. Ал жактагы кесиптештер менен эл аралык протоколдорду талкуулап, дайыма пикир алышабыз.

15-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк эмчек рагына каршы күрөшүү күнү. Кыргызстанда жылда октябрь айында бул дартка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG