Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Эмчек рагын дарылоодогу жаңы ачылыш


Дарыгер Паоли-Калметти инситутунда иликтөөнүн жыйынтыктары менен таанышып жатат. 9-октябрь, 2018-жыл.
Дарыгер Паоли-Калметти инситутунда иликтөөнүн жыйынтыктары менен таанышып жатат. 9-октябрь, 2018-жыл.

Америкалык илимпоздор эмчек рагынын биринчи баскычы менен жабыркаган аялдардын 70% залалдуу шишикти алдыргандан кийин химиотерапия жасатпай эле койсо болорун айтып чыгышты. Алар мындай жыйынтыкка узакка созулган атайын иликтөөдөн кийин гана келишти. Медиктер химиотерапиянын ордуна гормоналдык терапия эле жетиштүү деп эсептешет.

Чикагодо 3-июнда өткөн атайын жыйында Американын Клиникалык онкология боюнча коому же АСКО деп аталган уюм чоң ачылыш жасаганын жарыялады.

Алар тогуз жылга созулган иликтөөдөн кийин эмчек рагынын баштапкы баскычы менен жабыркаган аялдар залалдуу шишикти алдырган соң дарылоону химиотерапия менен улантуу зарыл эмес деген жыйынтыкка келди.

Дарыгерлер андан аркы дарылоону гормоналдык терапия менен эле улантса болорун айтышууда. Ал үчүн мындай илдетке кабылган ар бир аял оорунун кайтып келүү тобокелдигин же рак рецидивин аныктай турган атайын тесттен өтүшү зарыл.

Oncotype DX деп аталган тест жакынкы он жылда рактын кайра пайда болорун биле алат. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы дарыгери, доктор Ричард Шилский билдирди:

- Бул ооруга кабылган бардык аял сөз болуп жаткан тесттен өтсө болот деп ойлойм. Эгер анын жыйынтыктары рактын кайра кайтып келүү тобокелдиги төмөн экенин көрсөтсө, мындай аялдарга гормоналдык терапия гана жазылат. Эгер тобокелдик жогору болсо, ага химиотерапияны да кошушат. Ал эми рецидив тобокелдиги аныкталбаган бейтаптарга гормоналдык гана терапия каралган. Мындай жоромол мурда эле бар болчу, биз аны далилдедик.

Актриса Анжелина Жоли эмчек рагын алдын алуу максатында сүт бездерин алдырган. 26-январь, 2015-жыл. Ирак.
Актриса Анжелина Жоли эмчек рагын алдын алуу максатында сүт бездерин алдырган. 26-январь, 2015-жыл. Ирак.

​Дарыгерлер белгилегендей, тесттин жыйынтыгында 0-10 баллга чейинки көрсөткүчкө ээ болгондор, шишикти алдыргандан кийин гормоналдык терапия менен чектелсе болот. 26-100 баллга чейинки көрсөткүчкө ээ болгондор гормоналдык да, химиотерапияны да алышы зарыл.

- Химиотерапия оңой эмес. Ал аялдарга терс таасирин тийгизип, чарчоо сезимин пайда кылат. Мындан улам албетте аялдын жашоосу, үй-бүлөсүндөгү маанайы, иши өзгөрбөй койбойт. Мурда химиотерапия эмчек рагына кабылган бардык аялдарга жазылчу. Эми бул процедураны баарына кылбай деле койсо болорун аныктадык, - деди иликтөөгө катышкан доктор Харольд Бурштейн.

Колбасада катылган айыккыс дарт

Колбасада катылган айыккыс дарт

Дүйнөлүк саламаттык уюму (ДСУ) колбаса жана чала бышкан эт адамда рак клеткаларын пайда кыларын жарыялады. Мурда ракты козгочу нерселердин башында чылым турса эми эт азыктары да анын катарына чыкты.

TAILORx деп аталган иликтөө New England Journal of Medicine илимий журналында да жарыяланды. Иликтөөгө эмчек рагына кабылган 10 миңден ашуун аял катышкан. Алардын 17 пайызында рактын кайтып келүү тобокелдиги жогору деп аныкталып, химиотерапия алып жатышкан, 16 пайызында рецидив тобокелдиги төмөн болгон.

67 пайызынын тобокелдик деңгээли аныкталбагандыктан, жарымы химиотерапия алса, кайсы бир бөлүгү алган эмес. Бирок бардыгы тең шишикти алдыргандан кийин гормоналдык терапия алып жаткан. Тогуз жылдан кийин иликтөөгө катышкан аялдардын 94 пайызы тирүү экени, алардын 84 пайызында рецидив болбогону аныкталган.

The Time басылмасы Oncotype DX тестинен өтүү Кошмо Штаттарда төрт миң доллар турарын жазды. Статистикага ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө 1,5 миллион аял эмчек рагына чалдыкканы аныкталат. Алардын 400 миңдейи кайтыш болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG