Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Бишкекте эмчек рагына каршы акция өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-ноябрдан 20-ноябрга чейин Бишкектеги "Здоровье" менчик клиникасында маммолог жана онколог адистер аялдарды акысыз текшерүү акциясын өткөрүшүүдө.

Эмчек рагынын алдын алыш үчүн ультраүндүк кароо болуп, дарыгерлер аялдарга кеңеш берүүдө.

Акция башталгандан бери күн сайын жүздөй аял барып, кеңеш алып жатканын бейтапканадагылар "Азаттыкка" билдиришти.

Кыргызстанда көкүрөк рагына чалдыккан аялдардын 39 пайызы оорусу өтүшүп кеткенде адиске кайрылууда. Жылына 600дөн ашуун аял ушул ооруга кабылып жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG