Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Анжелина Жоли энелик безин алдырды


БУУнун ыктыярдуу элчиси Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагеринде. 25-январь, 2015-жыл.
БУУнун ыктыярдуу элчиси Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагеринде. 25-январь, 2015-жыл.

Атактуу Голливуд актрисасы Анжелина Жоли рак илдетинин өрчүшүн алдын алуу максатында энелик безин фаллопий түтүктөрү менен кошо алдыртты. New York Times гезитинде жарыяланган макалада 39 жаштагы актриса операция жасатуунун себебин түшүндүргөн.

Анжелина Жоли эки жыл мурда дал ушундай себеп менен сүт бездерин алдырткан эле. Жолинин апасы он жыл бою рак илдети менен күрөшүп, 56 жашында каза болгон.

Анжелина Жоли 39 жашта. Анын алты баласы бар, үчөөнү багып алган. 2001-жылдан бери Бириккен улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин ыктыярдуу элчиси.

XS
SM
MD
LG