Кыргызстанда картөшкөнүн ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан импортко 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чектөө Кыргызстан аркылуу транзит менен өткөн жана сыноо, башка иш-чаралар үчүн ташылып келчү картөшкөгө тиешеси жок экенин билдирди.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан жылына 779 миң 700 тоннага жакын картөшкө керектейт. Ушул тапта өлкөнүн өзүн өзү картөшкө менен камсыздоосу 181,9% түзөт. 2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 1 млн 249 миң 700 тонна картөшкө өндүрүлөт деп күтүлүүдө. (BTo)
Шерине