Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Самарканддагы дипломатия: АКШнын кызыгуусу, Борбор Азиянын мааниси

АКШ президентинин Борбор Азия лидерлери менен жолугушуусу. 2025-жылдын 6-ноябры.
АКШ президентинин Борбор Азия лидерлери менен жолугушуусу. 2025-жылдын 6-ноябры.

Мунай, газ, уран жана стратегиялык кен байлыктарга бай Борбор Азия кайрадан дүйнөлүк державалардын көңүл борборуна чыгып, алардын айланасындагы атаандаштык күчөгөндөй. Мындай шартта АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда өтө турган «С5+1» жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга аттанууда.

Эксперттердин пикиринде, Вашингтон аймактагы экономикалык өнөктөштүгүн кеңейтип, стратегиялык позицияларын чыңдоону көздөйт.

АКШнын жогорку өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, бул сапардын негизги өзөгү "коммерциялык дипломатия" болмокчу. Өзбекстанга Рубио менен кошо 200дөн ашуун бизнес өкүлдөрү, арасында Boeing, Citibank, Franklin Templeton сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери келатат.

Сапардын алкагындагы негизги эки иш-чаранын бири - салттуу «С5+1» форматындагы тышкы иштер министрлеринин жыйыны болсо, экинчиси - АКШ-Өзбекстан экономикалык форуму.

Рубио Борбор Азиянын бардык беш өлкөсүнүн өкүлдөрү менен өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү пландалган.

Вашингтондун өкүлдөрү экономикалык жана энергетикалык кызматташтык боюнча жаңы демилгелер жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди. АКШ администрациясы айрыкча мунайды кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн, энергетикалык инфраструктураны жана стратегиялык ресурстар тармагындагы кызматташтыкты артыкчылык катары кароодо.

АКШ - Борбор Азия: Экономикалык жана энергетикалык кызматташтык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

Аймак дүйнөдөгү ири державалардын кесилишинде жайгашкан. Бул жерде мунай, газ, уран жана сейрек кездешүүчү металлдардын ири запастары бар.

Сенатор Жон Көртис "Азаттыктын" Вашингтондогу кабарчысынын суроолоруна жооп берди. АКШ, 15-октябрь 2026-жыл
Сенатор Жон Көртис "Азаттыктын" Вашингтондогу кабарчысынын суроолоруна жооп берди. АКШ, 15-октябрь 2026-жыл

“Менимче, көп нерсе региондогу өлкөлөрдөн көз каранды. Биз менен өнөктөштүк ортодогу карым-катыштын маанилүү бир бөлүшү болмок. Стратегиялык сейрек минералдар Кошмо Штаттар гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн канчалык маанилүү экенин билесиңер. Андай ресурстарга ээ болуу абдан маанилүү роль ойной турган чоң артыкчылык деп ойлойм”, - деп айтты Юта штатынан республикачы сенатор Жон Көртис.

Сенатор АКШнын Борбор Азия менен карым-катышын кеңейтүүнү жактаган саясатчылардын бири. Анын пикиринде, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө олку-солку өкүм сүргөн учурда региондун стабилдүүлүгү америкалык кызыкчылыктар үчүн маанилүү роль ойнойт.

Көртис - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган Сенаттын резолюциянын авторлорунун бири. Июлда кабыл алынган документте Вашингтондун сөз болгон беш өлкө менен кызматташтыгын бекемдөө жана Борбор Азиянын Кошмо Штаттар үчүн стратегиялык мааниси белгиленген.

“Менимче, америкалыктардын көбү дүйнөнүн ал тарабына жетиштүү көңүл бурбайт. Дал ошондуктан биз кабыл алган резолюция региондун ролун, алар менен алакаларыбызды баалай турганыбызды көрсөтүү үчүн абдан маанилүү болду”, - деп улантты сенатор.

Эксперттер белгилегендей, Кытай азыр аймактын эң ири экономикалык өнөктөшү бойдон калууда, ал эми Орусия Украинадагы согушка карабай коопсуздук чөйрөсүндөгү таасирин сактап турат.

Борбор Азия мамлекеттери да тышкы өнөктөштөрдү диверсификациялоого умтулууда. Өзгөчө Казакстан менен Өзбекстан америкалык инвестицияларды жана технологияларды көбүрөөк тартууга аракет кылып жаткан кез.

Эдвард Лемон
Эдвард Лемон

«Албетте, Борбор Азия жумурияттары көп векторлуу тышкы саясатын сактап калууну каалашат. Башкача айтканда, бир эле учурда АКШ, Кытай, Орусия жана Иран менен дос болууну көздөшөт. Бирок акырындап аларга басым күчөп жатат. Ошондуктан Марко Рубионун сапары учурунда Борбор Азия өлкөлөрүн жасалма интеллект сыяктуу стратегиялык технологиялар жаатында айрым маанилүү жана жаңы багыттар боюнча позициясын тактоого үндөшү мүмкүн», - дейт Борбор Азия боюнча эксперт жана Техас университетинин профессору Эдвард Лемон.

Талдоочу муну менен катар Самарканддагы сүйлөшүүлөрдө чөлкөмдөгү олуттуу маселе саналган адам укуктары дагы көңүл сыртында калбашы керек деп белгилейт:

”Мурда мындай кызматташтыкта адам укуктары жана башкаруу сапаты сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулса, азыр алардын мааниси кыйла төмөндөдү. Бул темалар АКШнын тышкы саясатында мурдагыдай башкы орунду ээлебей калды. Албетте, бул жагдай андай шарттарды кабыл алгысы келбеген Борбор Азиядагы өкмөттөр үчүн ыңгайлуу болушу мүмкүн”.

Atlantic Council борборунун аналитиги Ариэл Коэндин пикиринде, Дональд Трамптын администрациясы биринчи кезекте АКШнын улуттук кызыкчылыктарына жана Кытай менен глобалдык атаандаштыкка көңүл бурууда:

Atlantic Council борборунун аналитиги Ариэл Коэн
Atlantic Council борборунун аналитиги Ариэл Коэн

"Борбор Азия Евразиянын чок ортосунда, Орусия, Кытай, Иран жана Каспий аймагынын кесилишинде жайгашкан стратегиялык маанилүү регион болуп саналат. Мындан тышкары аймактын жаш калкы, өнүгүп жаткан рыноктору жана мунай, газ, уран, чийки заттар, стратегиялык минералдар сыяктуу бай жаратылыш ресурстары аны АКШ үчүн өзгөчө маанилүү кылат".

Вашингтон менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын негизги аянтчасы болгон «С5+1» форматы 2015-жылы Самаркандда ошол кездеги мамлекеттик катчы Жон Керринин катышуусунда түзүлгөн.

2023-жылы Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында биринчи жолу мамлекет башчылары деңгээлиндеги «С5+1» саммити өткөн. Анда АКШнын ошол маалдагы президенти Жо Байден жана борборазиялык лидерлер коопсуздук, энергетика, соода жана маанилүү кен байлыктар боюнча кызматташтыкты талкуулаган.

Өткөн жылы Вашингтондо өткөн экинчи саммитке Дональд Трамп жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин президенттери катышып, тараптар өз ара мамилелердин «жаңы доору» башталганын жарыялашкан.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG