АКШнын президенти Дональд Трамп дипломат Стивен Гилленнди Кыргызстандагы элчи кызматына сунуштады. Анын талапкерлиги Сенатка август айында жөнөтүлгөн. Сенаторлор талкуу учурунда АКШ менен Кыргызстандын ортосунда инфратүзүм, энергетика жана маанилүү минералдар багытында кызматташтыкты кеңейтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын белгилешкен. Мындай маалымат Америка өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган.
Кыргызстандын бийликтери менен демократиялык институттар, Орусияга каршы санкциялык режимди сактоо, кош максатта колдонулуучу товарлардын жеткирилишин көзөмөлдөө маселелери боюнча өз ара аракеттенүү да маанилүү экени айтылган.
Стивен Гиллен 2021-жылдан 2024-жылга чейин президенттин барымтадагылардын маселеси боюнча атайын өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.
Ага чейин ал Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунда мамлекеттик катчынын жардамчысына орун басар болгон. Бир нече жылдар бою АКШнын Минск, Багдад жана Сараеводогу элчиликтеринде кызмат кылган.
Гиллен Аризона мамлекеттик университетин бүтүргөн, ал жерде саясат таануу, тарых жана орус тилин окуган. Ал ошондой эле Жоржтаун университетинде тышкы иштер жана улуттук коопсуздук боюнча изилдөөлөр боюнча магистр даражасын алган.
Өткөн аптада Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери төрт жылдан кийин өлкөдөгү дипломатиялык кызматын жыйынтыктап жатканын билдирген.
Ал Кыргызстанда элчи болуп иштеген сыймык болгонун, качандыр бир убакта кайра келерине ишенерин айткан.
Лесли Вигери АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп 2022-жылы дайындалган. Ага чейин АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп эмгектенген. (КЕ)
Дагы караңыз
Шерине