Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

1-октябрдан тарта Орусиядагы маркетплейстерде товарга талап катаалдашат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

1-октябрдан тартып орусиялык маркетплейстер товарды жайгаштыруунун алдында аны мамлекеттик реестр аркылуу текшере баштайт. Жаңы талап импорттук товарларга да, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө чыгарылган товарларга да тийиштүү болот.

Жаңы тартип "Орусия Федерациясында платформалык экономиканы жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө" федералдык мыйзамда камтылган.

Өкмөттүн 2-июлдагы токтомуна ылайык, товарды маркетплейске жайгаштырууда сатуучу продукциясына жараша 10 орундуу ТН ВЭД ЕАЭБ (Товарлардын тышкы экономикалык ишмердигинин номенклатурасы) же ОКПД2 (Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча продукциялардын жалпы классификатору) боюнча кодун көрсөтүшү керек. Бул код аркылуу маркетплейс товарга кошумча талаптар, анын ичинде милдеттүү маркирлөө, шайкештикти тастыктоо же мамлекеттик каттоо керекпи-жокпу аныктайт. Зарыл болгон учурда маалыматтар мамлекеттик реестрлер аркылуу текшерилет. Текшерүүлөргө үч жумуш күнүнө чейин убакыт берилет. Эгер милдеттүү текшерүүлөрдүн бири оң жыйынтык бербесе, жаңы товар картасын жайгаштырууга уруксат берилбейт.

Маалыматты Wildberries компаниясы сайтына жайгаштырып, бул талаптар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген сатуучуларга да тийиштүү экенин билдирди. Ага ылайык, кыргызстандык документтер үчүн ЕАЭБдин KG коду бар номур колдонулат.
Эгер товарга уруксат берүүчү документ талап кылынса, сатуучу анын реквизиттерин жана туура ТН ВЭД же ОКПД2 кодун көрсөтүшү керек. Карточкадагы код сертификатта же декларацияда көрсөтүлгөн кодго дал келүүгө тийиш.

Милдеттүү документтер кошулбаса, маркетплейс товарды Орусиядагы сатып алуучуларга көрсөтпөй коюшу мүмкүн.

Ачык маалыматтарга караганда, 2025-жылы Wildberries жана Ozon платформаларында Кыргызстандан 20 миңден ашык сатуучусу катталган.(ZKo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG