Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

Казакстандын Жетису облусунда өрттөн үч бала чарчап калды

Жетису облусунун Ескелди районундагы Бактыбай айылында жер үйдөгү өрттөн үч бала чарчап калды. Кайгылуу окуя 25-сентябрда болгонун Іnbusiness сайты жазды.

Өрттөн балдардын апасы 13 жаштагы баласы менен чыкканга үлгүргөн. Үч баласы үйдүн ичинде калган.

Куткаруучулар үйдөн 1 жаш, 6 жана 8 жаштагы баланын сөөктөрүн табышкан.

Өрттүн себеби белгисиз, учурда аныктап-тактоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Казакстанда өрттөн балдар каза тапкан учурлар арбын катталат. Быйыл апрель айында Астанадагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрттүн кесепетинен үч бала чарчап калган.

Андан мурдараак январда Павлодар облусунда жер үй өрттөнүп, эки баланын өмүрүн алган. Ошол эле айда Түндүк Казакстан облусунда жер үйдөгү өрттөн атасы балдары менен чогуу каза болгон.

Былтыркы жылы өрттөн 14 бала көз жумган.

2024-жылы Казакстанда 12 жашка чейинки балдарды үйгө кароосуз калтырууга тыюу салуу сунушталган.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG