Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

"Убагында текшерилбей азыр кыйналып жатам". Милдеттүү чек-ап сунушу талкууда

Кыргызстандагы оорукана. Иллюстрация сүрөт.
Кыргызстандагы оорукана. Иллюстрация сүрөт.

Парламентте калкты жылда медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунушташты. Убагында дарыгерлердин кароосунан өтпөй калып, кийин оор илдеттерге чалдыгып жаткандар көбөйгөнү белгиленди. Алар медициналык чек-апты калктын бардык катмарына жеткиликтүү кылыш керек деп белгилеп жатышат.

Калкты милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү канчалык натыйжалуу болот жана аны өкмөт кандайча ишке ашыра алат? Бул калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө боло алабы?

Чек-ап өтүүгө милдеттендирүү сунушу

Жогорку Кеңештин «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун лидери Талант Мамытов жарандарды милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн, башкача айтканда, чек-аптан өткөрүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, каржылык мүмкүнчүлүгү бар жарандар ден соолугун кеңири текшерүү үчүн Түштүк Кореяга же Түркияга барып жатышканын белгиледи. Ал жакта медициналык текшерүүнүн баасы болжол менен 3 миң долларды түзөт.

Мындай мүмкүнчүлүк бардык эле жарандарга жеткиликтүү болбой жатканын айткан Талант Мамытов жарандар тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өтүшү үчүн жок дегенде облус борборлорунда шарт түзүү зарыл экенин кошумчалады:

Талант Мамытов
Талант Мамытов

"Бардык эле жарандар тиешелүү медициналык кароодон өтө албайт. Зарыл жабдыктардын баары эле боло бербейт, бул өзгөчө алыскы аймактарда курч турган көйгөй. Аларды кантебиз? Ошондуктан чек-ап системасын киргизүүнү туура көрүүдөбүз. Мыйзам кабыл алып, медкароону милдеттүү кылыш керек".

Мамытов милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттын суммасын көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады.

"Убагында билбей калдым..."

Жеңишай (аты өзгөртүлгөн) Чүйдүн Кант шаарында жашаган 48 жаштагы мугалим. Соңку эки жылдан бери сүйгөн кесибин таштап, илдети менен алышып келатат. 2024-жылдын жаз айларында ал өзү жетектеген бүтүрүүчү классты уядан учурам деп турганда абалы тез начарлап, ооруканага кантип түшкөнүн эстеди:

"Тамак ичүүм начарлап, табитим жоголуп кеткен эле. Мен аны мектептеги тынымсыз иш, бүтүрүүчүлөрүмдүн алдыдагы экзамени менен байланыштырып койгон элем. Акыркы коңгуроо болот деп жаткан күнгө бир апта калганда үйдө жүрүп эсимди жоготтум. Дарыгерлерге барсак, кан басымың түшүп кетиптир деп, бир аз дары жазып, үйгө жөнөтүшкөн. Эки күндөн кийин баягы абалым кайра кайталанды. Жолдошум Бишкекке алып келди. Көрсө, көкүрөгүмдө шишик пайда болуптур. Эки жылда толгон химиотерапиядан өтүп, көкүрөгүмдү кестирип, кыйналып келатам. Мунун баары оорумду өз убагында байкабай, аныктабай калганымдан улам болгону үчүн өкүнөм".

Жеңишай азыр Бишкекте Улуттук онкология жана гематология борборуна жакын жерде ижарага алган батиринде күн кечирип келатат:

"Бишкектеги дарыгерлер дароо эле: “Убагында келгенде абалың мынчалык оорлошмок эмес”, - дешкен. Палатада чогуу жаткан аялдар менен сүйлөшсөм, алардын көбү да оорунун белгилерин сезбей жүрүп, катуу ооруп калганда гана диагнозун билгенин айтышты. Көрсө, мындай учурлар бизде көп эле кездешет экен. Оор илдет менен күрөшүү адамды моралдык жана психологиялык жактан алсыратып, каржылык жактан да оор абалга кептейт экен. Жакында эле биздин палатага жаш келинди алып келишти. Көрсө, ал жатын моюнчасынын рагына чалдыккан экен. Аймактан келиптир. Алар да Бишкекте батир ижаралап жашап жатышат. Өз жеринде дарыланайын десе керектүү адистер да, жабдуу да жок болуп чыгат".

Мугалим учурунда өзү толук медициналык кароодон өтпөгөнүнө жана Бишкектен сырткаркы айыл-кыштак же облус борборлорунда тажрыйбалуу адистердин жоктугуна нааразы болуп турат.

"Медициналык жабдык саткандар гана байыйт"

Айрым адистер депутаттын милдеттүү медициналык кароо сунушун терең талдап, ишке ашыруу керектигин айтууда.

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова бул демилгенин жол-жобосун тактап чыгуу керек деген пикирде:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Биздин калк милдеттүү медициналык кароодон өтө баштаса, ар кандай оорулар аныктала баштайт. Бирок ошол диагноздорду тактап, кайра текшерип бере турган мүмкүнчүлүк жетишсиз болуп калышы ыктымал. Бул мамлекеттен кошумча каражат талап кылып, мамлекеттик кепилдик программасына да жүк жаратат. Чек-ап маселеси айрымдардын, тагыраагы медициналык жабдык саткандардын кызыкчылыгына көбүрөөк жооп берет деп эсептейм. Мен муну ачык айтып жатам. Чек-ап коммерциялык багыттагы кызмат. Азыр бул маселени депутаттар да, өкмөт да көтөрүп жатат. Бирок биз биринчи кезекте максаттуу топторго көңүл бурушубуз керек. Мисалы, онкологиялык борборлордун санын көбөйтүү тууралуу сөз болууда. Бирок маселе алардын көп же аз экенинде эмес. Негизги маселе алгачкы медициналык кароону туура уюштурууда. Менимче, күч-аракетти биринчи кезекте ошол багытка жумшоо керек".

Барыктабасова ошондой эле тийиштүү медицина адистеринин тартыштыгы азыр чоң көйгөй болуп турганын эске салды.

6,5 миң дарыгер жетишсиз

2025-жылдын этегинде берилген расмий маалыматта Кыргызстанда 23 миң медицина кызматкери (дарыгер, медайым, санитар) жетишсиз экени айтылган. Бош орундардын 6,5 миңи дарыгерлик кызмат экени белгилүү болгон.

Жогорку квалификациядагы дарыгерлердин жетишсиздиги аймактарда курч көйгөй. Өткөн жылдары айлыктын аздыгынан улам бир эле ооруканадан беш дарыгер бир учурда жумуштан кеткен окуя да катталган. Медицина кызматкерлери жеке клиникаларга же чет өлкөлөргө иштөөгө кетип калып жатканы азыр бул тармактагы негизги маселе.

Мындай шартта калкты милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү демилгесин облус жана район борборлорундагы аймактык ооруканалардын базасында ишке ашыруу канчалык мүмкүн деген суроо жаралат.

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Камилла Асанакунова дарыгерлер жетишсиз болуп жаткан шартта мындай демилгени ишке ашыруу медицина кызматкерлерине кошумча жүк түшөрүн эскертти.

Анын айтымында, биринчи кезекте тиешелүү шарт түзүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун жана бейтапканаларды кошумча жабдуу менен камсыздап, медициналык кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу зарыл:

"Мисалы, биздин эле ооруканада азыр 48 дарыгер жетишпейт. Акушер-гинекологдор үчүн 20 штаттык орун каралса, анын 15и бош турат. Реаниматологдордун 18и иштеши керек болсо, учурда болгону сегизи гана бар. Терапевттер, кардиологдор жана невропатологдор да жетишсиз. Бизге беш райондон жана үч шаардан бейтаптар тынымсыз келип турат. Натыйжада бир дарыгер кеминде үч адистин ишин аткарууга мажбур. Кызматкерлерибиз дем алыш күндөрүнө карабай иштеп жатышат. Чек-ап системасын поликлиникалардын ишине киргизүүгө болот. Бирок ошол эле учурда аларга тийиштүү шарт түзүлүшү керек. Бул үчүн кошумча каржылоо бөлүнүп, заманбап медициналык жабдык сатып алынып, амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөр ачылганы туура болот".

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги депутат Талант Мамытов сунуштаган милдеттүү медициналык кароо демилгесине азырынча расмий комментарий бере элек.

Мындан эки жыл мурда министрлик өлкөдөгү медициналык жабдуулардын 40 пайызынын эскилиги жетип, заманбап талаптарга жооп бербей калганын билдирген.

Чек-ап (check-up) – адамдын ден соолугун комплекстүү текшерүүдөн өткөрүүгө багытталган алдын алуучу медициналык кароо. Анын алкагында бейтап анализ тапшырып, УЗИ, рентген, электрокардиограмма сыяктуу текшерүүлдөн өтөт, ошондой эле ар түрдүү адистердин кеңешин алат. Чек-аптын негизги максаты ооруну баштапкы стадиясында аныктоо жана алдын алуу. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мындай тажрыйба кеңири жайылган.

Кыргызстанда чек-ап кызматы негизинен жеке медициналык борборлордо көрсөтүлөт. Анын баасы текшерүүнүн санына жана татаалдыгына жараша айырмаланып, бир нече миң сомдон жүз миңдеген сомго чейин жетиши мүмкүн. Мамлекеттик деңгээлде бардык жарандарды комплекстүү чек-аптан өткөрүү системасы өлкөдө жок.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG