13 жаштагы өспүрүмдүн апасы кызынын оң бутунун ажырап калганына дарыгерди айыптап келатат. Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрологу Насира Бейшебаеваны үч жылга абакка кескенден кийин башка дарыгерлер президентке кайрылуу жолдоп, ага мунапыс берүүнү өтүнүшкөн.
“Медициналык коомчулук дарыгердин өзүнүн кесиптик милдетин аткаргандыгы үчүн эркинен ажыратылганына өтө тынчсызданууда. Бул чечим дарыгерлер арасында коркунуч жаратып, алардын келечеги үчүн олуттуу кооптонууга себеп болууда. Бүгүн биз, медицина кызматкерлери, мындай суроо берип жатабыз: эгер өз ишин аткарып, бейтаптын өмүрү менен ден соолугун сактап калуу үчүн татаал чечимдерди кабыл алган дарыгер эртең түрмөгө түшүп калышы мүмкүн болсо, анда мындан ары ким жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр болот"
Мындай маанидеги билдирүүлөр социалдык тармактарда дагы жарыяланууда.
Медицина жаатындагы эксперт Бермет Барыктабасова бул окуя ар бир дарыгерди кооптондуруп жатканын белгилеп, мыйзамдарды өзгөртүү керек деп санайт:
“Дарыгерлер дайыма өмүр менен өлүмдүн, ден соолук менен оорунун, өмүрдү сактап калуу менен майыптыктын ортосундагы тобокелчилик менен иштешет. Дарыгерлер бейтаптарга жардам берүү үчүн атайын тобокелчиликке барышат. Эгер өз кесибиңди аткарып, адамдарды сактап калууга аракет кылып жатып, артыңда түрмө күтүп турган болсо анда мындай жоопкерчиликти ким өзүнө алгысы келет?”
Бишкектин тургуну, жалгыз бой эне Зульфия Стамкулова өспүрүм кызы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 2024-жылдын 11-октябрында түшкөнүн, дарыгер аны текшерип, “абалы туруктуу" деп тапкандан кийин бейтаптын абалы начарлаганын "Азаттыка" айтып берген эле.
Кийин кызды туугандары дарылоо үчүн Түркияга алып барышкан. Ал жакта текшерүүдөн өткөндөн кийин бутунда бир канча тромб бар экени аныкталып, жоон сандан ылдый кесишкен.
Бейшебаеванын үстүнөн кылмыш иши эки жыл мурун козголгон. Ага “кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо”, “этиятсыздыктан оор залал келтирүү” деген беренелер менен айып тагылган. Дарыгер кармалып, Ленин райондук соту үч жылга пробация менен жаза чегерген.
Бирок өспүрүмдүн жакындары соттун өкүмүнө нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна даттанган.
Зульфия Стамкулова шаардык соттун чечиминен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, кызына дарыгер "кайдыгер мамиле" жасаган деп эсептей турганын дагы кайталады.
"Жабыркаган кичинекей кыз ушул өкүмдү чыдамсыздык менен көз жашы төгүп күтүп отурат. Анткени кичинекей наристе буту жок калды. Өмүрү коркунучта болду. Мен дарыгерлерге ишенгем. Булар кызымдын өмүрү менен ойноду. 11 күн анын дарты аныкталган жок да. Мен соттон адилеттүү чечим чыгарышын сурадым. Мыйзамда кандай көрсөтүлсө, эң катаал жаза сурадым. Анын бутун эч ким салып бере албайт. Кайдыгерликтен бутун жок кылып койду".
Медицина кызматкерлеринин кайрылуусунан кийин Стамкулованын адвокаты Бексултан Осмонов соцтармак аркылуу жолдонгон бийликке кайрылуулар дарыгерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотпошу керек деп эсептешет.
"Бул жерде биздин ишибиз боюнча жалпы медицина начар, медицина кызматкерлери начар иштейт деген өкүм чыккан жок. Айрым дарыгерлер айтып жатат, атайылап кылган жок деп. Бул жерде "этиятсыздыктан, шалаакылыктан ушундай кесепет болду",- деп биринчи тергөө, анан сот чечим кабыл алган. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги ондон ашык экспертиза дайындап, туура эмес кылган иштерин тизмектеп берген. Ошол бардык жагдайлар изилденип туруп, ушундай өкүм чыгарылган".
Өспүрүм кыздын апасы 2024-жылы дарыгердин үстүнөн бир нече жолу даттанып, бирок арыздары каралбай келгенин айтып берген. Өткөн жылы президенттин администрациясына кайрылып, иш Башкы прокуратуранын кароосуна, андан кийин Бишкек шаардык милициясына берилген.
Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов бул иш мыйзам чегинде териштирилиши керек деп эсептейт.
“Биз Насира Адылбековнаны өлкө боюнча күчтүү адис катары эсептейбиз. Өлкө боюнча мыкты иш алып барган адисибиздин башына ушундай иш түшүп турат. Азыр тигиндей же мындай деп айта албайбыз. Анткени бул жерде комиссия да иштешкен. Булардын жумушун карап, оорунун тарыхын карап чыгышкан. Бул жерде мүчүлүштүктөр болгону боюнча жыйынтыктар бар. Мындан аркы жумушубузда биз мыйзам чегинде жумуш жүргүзүп, көмөк көрсөтөбүз”.
Кыргызстанда дарыгерлердин үстүнөн даттануулар көп эле катталат. 2023-жылдын январь айында ушул эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алты дарыгери кармалган. Алар үч жашар баланын өлүмүнө айыпталган эле. Соңку окуядан кийин медицина кызматкерлери дарыгерди жазалоонун кесепети болорун, ак халатчандар жоопкерчилик алуудан корко баштарын жүйө тартууда. Бул боюнча атайын мыйзам долбоору дагы сунушталып, коомдук талкуудан өттү.
Шерине