Элүүгө жакын эне 10-июлда бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылышты.
"Ушул ооруканада балдарыбызга 20 жыл мурун ВИЧ жугуп калган. Андан бери 100 килограммдан ашык дары ичип коюшуптур", - деди нааразылардын бири.
20 жылдай мурда ооруканада балдарына ВИЧ жуккан энелер Ош облустук ооруканасынын алдында жетекчилик жана дарыгерлер менен жолугууну талап кылып турушту.
Бул жолу алар Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын, орус президенти Владимир Путиндин жана башка белгилүү адамдардын сүрөтү түшүрүлгөн беткаптарды кийип чыгышты.
"Ушундай маска кийип калдык. Сыртта эркин жүрө албай калдык", - деп арызданышты аялдар.
Энелер өкмөттөн балдарын турак жай менен камсыз кылууну жана жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү суранышууда. Алардын айтымында, учурда өкмөт чегерилген 6600 сомдук жөлөкпул дары-дармекке да, башка чыгымдарды жапканга да жетпейт.
"Кенемте же ипотека аркылуу үй бербесе, балдарыбыздын ден соолугун калыбына келтиришсин. Биздин балдар иштей албайт, чет өлкөгө чыга албайт. Кенемте көбөйтүлүшү керек", - дешти алар бир ооздон.
Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчиси Жыргалбек Толоров кырдаалга байланыштуу мындай маалымат берди:
"Эжелерге мурда да түшүндүргөм. Биз жактан, биздин ооруканадан кандай жардам керек болсо ошону гана бере алабыз. Булар айткан кенемтенин бир тыйынын дагы өзүмдүн жаныман бере албайм. Кайрыла турган жактарга кайрылыш керек", - деди дарыгер.
Буга чейин март айында ондон ашуун эне көйгөйүн президенттин өзүнө айтабыз деп Оштон атайын Бишкекке келип айыпка жыгылган. Сот аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде 5,5 миң сом айып пул салган.
Энелер Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесине барып дагы арызданышкан.
2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасында жана Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жаткан наристелерге ВИЧ-инфекциясы жукканы аныкталган. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ВИЧ кан куюу жолу менен алгач 20дай наристеге жукканы аныкталып, кийин бул сан 422ге жеткен.
Жабыркаган балдардын алды азыр 19–20 жашка чыгып калды. Алардын көбү Ош жана Манас шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн жана Сузак райондорунда жашайт.
"Мамлекет биздин ооруп калганыбызга себепчи болгон"
"Азаттык" буга чейин ооруканадан ВИЧ жуккан балдардын абалы тууралуу даректүү тасма тарткан. Анда бейтаптар жана алардын жакындары бирде Ошто болуп, бирде Бишкекке келгени менен үй, кенемте, жөлөк пул маселеси чечилбей жатканына даттанышкан.
“Азыр бир бөлмө болсо дагы, жок дегенде ипотека кылыппы же үстөк пайызы жок үй берүүсүн каалайт элем. Эгер бекер берсе, андан дагы жакшы болот", - деген анда каарыбыз Кудрет.
“Биз 18-19 жылдан бери Бишкекке келебиз, маселебиз чечилиш үчүн бир-эки жумалап калып кеткен учурларыбыз болот. Кээси чечилет, кээ бири жок. Биз бул жакка зериккенибизден келген жокпуз. Мамлекет биз ошондой оорулуу болуп калганыбызга себепчи болгон үчүн өзүбүздүн укугубузду талап кылып жатабыз да. Бул биздин күнөөбүз эмес. Кээ бирөөлөр үй алды, 700 миңден акча алышты. Азыр бир нерсени айтканыбыз менен кийин эмне болуп кетерин билбейбиз да, ооруп калышыбыз мүмкүн”, - деген Алишер аттуу каарман.
Тергөөнүн материалдарына ылайык, 20 жыл мурда болгон окуя боюнча 14 медицина кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү беш жылга созулган.
Мындан кийин өкмөт ооруканадан балдарына ВИЧ илдети жуккан онго жакын аялга Ош шаарынан үй берген.
ВИЧти ооруканадан жугузуп алгандарга акчалай кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирип, ата-энелерге бир жолку төлөнчү 100 миң сомдон берилген.
Ал эми ВИЧ жуккан балдарга 2-топтогу майыптык берилип, айына 6600 сом жөлөк пул алышат. Балдарынын дартка чалдыкканы тууралуу маалыматты жашыруу үчүн жөлөкпул алуудан баш тарткан ата-энелер дагы бар.
“Бизге үй берилсе, компенсация жана жөлөк пулу көтөрүлсө дейбиз. Мен 5400 алам, 2-топтогулар 6600 алат экен. Азыр маселебиз чечилбей жатат, сот, сот болуп эле жүрөбүз. Чет жакка чыга албай жатышат. Кызым азыр дайыма мага муктаж. Кызымдын оорусу өмүрүмдү алды, кыйналдым, оорукчан дагы болуп калдым. Эгер мамлекет карабайбыз десе анда кызымды сакайтып, 20 жылдык мээнетимди кайтарып беришсин. Же экөөңөр тең керек эмессиңер деп өлтүрүп коюшсун, башка нерсе айта албай калдым”, - деген 20 жыл мурда ымыркайына ВИЧ жуккан Алмакан аттуу каарман.
2007-2008-жылдары ооруканадан ВИЧ жуккан балдардын баары эле ооруну көтөрүп кете алган эмес. Быйыл жыл башында Ноокатта жашаган 19 жаштагы жигиттин абалы начарлап, Оштон Бишкекке алып келинген. Оорусу күчөп, 26-январга караган түнү Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатканда каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги бейтап жана анын оорусу тууралуу маалымат берген эмес.
ВИЧ - иммундук таңкыстыктын вирусу. ВИЧ оорусун жугузуп алган адамдар көп жыл бою - 5 жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт жана кийин адам тез-тез ооруйт. Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылы берген маалыматта, Кыргызстанда 15 миңден ашуун адам ВИЧти алып жүрөт.
ВИЧ менен күрөшүүдө Кыргызстанга эл аралык уюмдар жардам берип келген. 2025-жылы эл аралык программаларды каржылоо азайган же токтогон. Учурда Кыргызстанда ВИЧке каршы күрөшүүдө дары-дармекке кеткен каражаттын 80% мамлекет бөлүп берет.
Шерине