Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова чет өлкөлөрдө миграцияда жүрүп, Кыргызстанга келип үйлөнүүнү каалаган жарандарды медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирүү зарыл деп эсептейт. Депутат бул сунушун парламенттин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 24-февралдагы отурумунда айтты.
"Мисалы, Москвада жүрүп, түрдүү ооруларды, анын ичинде ВИЧ жуктуруп алып, бул жакка келип үйлөнүшөт. Бирок оорусу тууралуу колуктусуна айтпайт. Ата-энелери билсе да айтышпайт. Анан оорусу аялына жугат. Ошондуктан миграциядан келгендер үйлөнөр алдында милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек. Аларга көзөмөлдү күчөтүү керек", - деди Төрөбекова.
Жогорку Кеңештин профилдик комитети 24-февралда Кыргызстандагы жалпы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.
2025-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда ВИЧ-СПИД менен каттоодо турган 15 миңден ашуун адам бар, алардын 63% эркектер, 37% аялдар болчу. ВИЧти жыныстык жол менен жуктургандардын саны өсүп, ийне аркылуу жугузгандардын саны азаюуда.
Кыргызстанда ВИЧке каршы күрөшүүдө дары-дармекке кеткен каражаттын 80% мамлекет бөлүп берет.(ZKo)
Шерине