Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:55

Айыккыс абалдагы бейтапка акысыз жардам көрсөтүү тартиби бекитилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү паллиативдик жардам көрсөтүү жана терминалдык стадиядагы (өлүм алдындагы) оорулар үчүн наркотикалык жана ооруну сездирбөөчү дарылар менен акысыз камсыздоо тартибин бекитти. Тиешелүү токтом Министрлер кабинетинде 12-июнда кабыл алынган.

Ага ылайык, паллиативдик медициналык жардам комплекстүү интеграцияланган саламаттык сактоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана анын бардык деңгээлдеринде көрсөтүлөт.

Токтомдо белгиленгендей, паллиативдик жардамды саламаттыкты сактоо уюмдары, медициналык жана социалдык мекемелер менчигинин түрүнө карабай, физикалык же психикалык мүмкүнчүлүктөрү бир топ чектелүү жана тынымсыз терапияны, психосоциалдык колдоону жана узак мөөнөттүү кам көрүүнү талап кылган айыкпас, өлүм алдындагы оорулууларга көрсөтөт. Бул жардам алардын өлүм алдындагы жашоосун жакшыртууга багытталган, ооруну жана ошондой эле ага көрсөтүлүп жаткан медициналык процедураларды, психологиялык колдоону, кам көрүүнү жана социалдык кызматтарды жеңилдетүү максатын көздөйт.

Паллиативдик жардам бейтаптын жашынан, диагнозунан, жашаган жеринен же социалдык абалынан көз карандысыз түрдө көрсөтүлөрү белгиленген. Аны алууга айыккыс оорусу күчөп жаткандар, илдеттин терминалдык стадиясындагылар, катуу оору жана/же башка оор симптомдору барлар укуктуу.

Бейтапты паллиативдик жардамга муктаж деп таануу чечимин аны караган дарыгер кабыл алат.

Токтомдогу чечимдерди ишке ашыруу Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинен жана мыйзам чектебеген каржы булактарынан алынары, белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев май айында Улуттук онкология жана гематология борборуна алдын ала айттырбастан барып, элден арыз-даттануулар көп түшкөнүн билдирген.

Эксперттер буга чейин деле бюджеттик акча негизинен дары-дармек алууга кетерин, бирок анын пайдасын дары бизнеси менен алектенгендер көрөрүн айтып, нааразылыгын билдиришкен. Алар Жогорку технологиялар фонду аркылуу бөлүнгөн чоң өлчөмдөгү акчанын кайда жумшалганы ачык-айкын болушу керектигин талап кылып келишет. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG