Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдагандай, Сокулук айыл өкмөтүнүн Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондуна тиешелүү 20 гектар жер тилкесин белгисиз адамдар пайдаланып келишкен.
Аталган жер тилкеси 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоо органдарынын маалымат базасында катталган эмес. Бул жер тилкесин иштеткен тарап ал үчүн ижара акысын төлөгөн эмес.
Коопсуздук кызматы жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 20 гектар болгон айдоо жер мамлекеттин балансына кайтарылды.
Мыйзамсыз менчиктештирилген же ижарага иштетилип келген айыл чарба багытындагы үлүш жерлер мамлекеттин балансына кайтарылганы тууралуу маалыматтар буга чейин да жарыяланган.(ZKo)
Шерине