Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Беларуста быйыл жети кыргызстандык алданып абакка түшкөнү айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев беш ай ичинде жети кыргызстандык Беларуста жумуш берүүчүлөргө алданып абакка түшкөнүн айтып чыкты. 17-июнда парламент жыйынында Бекешев Башкы прокуратурага кайрылып, аларды мекенине кайтаруу маселесин кароону сунуштады.

“Бул жактан жумушка алабыз, жакшы айлык беребиз деген жарнаманы көрүп алып барышкан. Аларды алдап, билет алып беришкен, Беларустан тосуп алышкан. Жеткенде паспортторун алып коюп, синтетикалык каражаттарды сатууга милдеттендиришкен. Аларды экстрадициялоо боюнча кат жөнөткүлөчү, сураныч”, - деди Бекешев.

Депутат коомчулук бул сыяктуу алдамчылыкка туш болбошу үчүн укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бул маселе боюнча иш алып барарын белгилеп, Орусияда соттолгондордун арасында да маңзатка байланыштуу кармалгандар көп экенин маалымдады.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр чет өлкөлөрдө камалган 221 кыргызстандык мекенине экстрадицияланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG