Бишкек жана Кант шаарларында суу менен камсыздоо жана сууну тазалоо инфраструктурасын жаңылоо боюнча ири долбоор ишке ашырылганын 16-июнда Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Швейцария өкмөтү, Европа Биримдиги жана Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) колдоп, каржылады.
Бишкекте 28 миллион еврого 16 км канализация коллекторлору жана 2,6 км суу түтүк магистралдары орнотулду, 35 терең суу кудугу казылып, курулду, атайын техникалык тейлөө жабдуулары сатылып алынып, суу жана саркынды суу лабораториялары жаңыланды.
Канттагы долбоорго 5,12 миллион евро жумшалды. Бул каражатка 26 км суу түтүктөрү жана дээрлик 37,9 км бөлүштүрүү тармактары алмаштырылды, 6800дөн ашуун суу эсептегич орнотулду. Кудуктарды калыбына келтирүү, жаңы кудук куруу, сордуруу жана дезинфекциялоо системаларын жаңыртуу аркылуу суу менен камсыздоо иши жакшыртылды.
Швейцария өкмөтү Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам көрсөтүп, 1994-жылдан бери техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо аркылуу 560 миллиондон ашуун швейцария франкын бөлүп берди.
Калкынын саны жыл сайын өсүп, ички миграция активдешип, Союз убагында курулган таза суу системаларынын эскилиги жеткендиктен жана жаңылары курулбай келгендиктен Кыргызстанда калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо иши кыйла начарлап кеткен. Абалдан чыгууга донорлор жардам берүүдө.
Ушу тапта өлкөдөгү төрт жүздөн ашык калктуу конушта бул курч маселе. Ал эми 700дөй айылда суу тартуу аракети жүрүүдө. Жалпы 2014 айылдын 60 пайызында таза суу жок. Айрымдарында долбоорлоо, куруу иштери жүрүп жатат. Быйыл 70тен ашуун айыл суу менен камсыз болору пландалууда. Бардык айылды таза суу менен камсыз кылууга 1,3 млрд доллар талап кыланарын Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүкүтүрүү департаментинин жетекчи орун басары Зарылбек Каратаев "Азаттыкка" билдирген.(RK)
Шерине