Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Бала бакча медайымынын макамы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

Бала бакча. Москва району. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакча. Москва району. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 17-июндагы жыйынында Кыргызстандагы бала бакчаларда иштеген медайымдардын макамы техникалык кызматкерлердикине теңелип калганын айтып чыкты. Ал бала бакчадагы медайымдар кайрылып, бул тууралуу нааразылыгын айтышканын билдирди:

"Бала бакчадагы медайымдар деле балдардын саламаттыгын карашат, ашканадагы тамак-ашка, бакчадагы санитардык абалга толук көзөмөл кылышат. Врач катары да, санитар катары да карашат экен. Эмне үчүн алардын макамы техникалык кызматкер - санитар катары бекитилип калган? Мисалы, мектептеги медайымдар медициналык кызматкер катары Саламаттык сактоо министрлигинен айлык акы алышат экен. Ал эми бала бакчадагы медайымдар неге андай макамда? Мен бул боюнча актыларды карап, таба албай койдум. Эмне себеп менен алардын макамы ушундай төмөндөгөн? Өкмөт кандай негизде алардын макамы түшүрүлүп калганын аныктап берсинчи", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламент аппаратына бул маселе боюнча тийиштүү тараптарга протоколдук тапшырма берүүнү милдеттендирди.

1-апрелден тартып Кыргызстанда айрым бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы эки эсе көбөйтүлгөн. Мугалимдер менен медицина кызматкерлери сап башында турат.

Кыргызстанда бала бакчаларда медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги тууралуу айтылып келген.

Ошол эле учурда өлкөдө бала бакчалардын жетишсиздиги көйгөйү да курч. Агартуу министрлигинин быйыл марттагы маалыматына караганда, Кыргызстандагы 3-5 жашка чейинки балдардын 51% гана бала бакчага барат.

Кыргызстанда бир жаштан беш жашка чейин 785 миң бала бар. Жыл сайын 140 миңдей бала төрөлөт.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG