Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:56

Кыргызстанда беш жашка чейинки наристелердин 51% гана бала бакчага барат

Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда өлкөдөгү 3-5 жашка чейинки балдардын 51% гана бала бакчага барат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев 30-мартта Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда бир жаштан беш жашка чейин 785 миң бала бар. Жыл сайын 140 миң бала төрөлөт.

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 30-марттагы отурумунда Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова берген маалыматка ылайык, 2025-жылы прокуратура жана башка күч кызматтары тарабынан мурда менчиктештирилип кеткен 40 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылып берилген. Анын ичинен 25 бала бакча балдарды кабыл алууга даярдалып жатат. Жалпысынан мамлекетке өткөн бала бакча имараттарын инженер адистер карап чыгуусу талап кылынат.

Аталган комитет 30-марттагы отурумунда "Келечек үчүн билим берүү" долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Аталган долбоорго 4 млн 360 миң доллар жана 2 млн долларлык техникалык жардам берилет.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG