Баткен облусунун Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймактарына улуттук телеканалдарды көрсөтүү максатында 19 санарип ретранслятор коюлат. Бул тууралуу Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РПО РМТР) жетекчиси Алмазбек Жолоров 30-мартта Жогорку Кеңештин депутаттарына билдирди. Анын маалыматына караганда, Баткен облусунда чет өлкөлүк телеканалдардын сигналдарын тосууга мүмкүнчүлүк жок.
"Сигналдарды тосмолоого мүмкүн болбогондуктан, алардын толкундары аралашып кеткен учурлар бар. Быйыл 19 санарип ретранслятор орнотулат, жалаң чек арадагы аймактарга коюлат. Учурда биздин өткөргүчтөрдүн кубаттуулугун жогорулатуу жагы да каралып жатат", - деди Жолоров.
Жетекчи Кыргызстандын 90% аймагы санарип телеканалдарды көрсөтүүгө байланганын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитети 30-марттагы отурумунда “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окуудан карап, кабыл алды.
Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүү 2014-жылы башталып, "Кыргызтелеком” ишканасы санариптик берүүлөрдү алгачкы ирет эфирге чыгарган.(ZKo)
Шерине