Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун "Шумкар" деп аталган кыймылдын Ютуб каналында айткандары боюнча жооп берди. Аблязов 17-октябрда аталган каналга маек берип, Жапаров менен тааныштыгын жана 2020-жылдагы октябрь окуясында андан акча сураганын билдирген. Мамлекет башчы SUPER. KG порталынын суроолоруна жооп берип, Аблязовдун айткандарын төгүндөдү. Жапаров казакстандык оппозиционер менен мурда-кийин тааныш болбогонун, аны менен Октябрь окуяларында жанында жүргөн, учурда абакта отурган Мелис Аспеков сүйлөштүргөнүн айткан.
"Аферист болсо айта берет да. Ал убакта 40 мүнөт эмес, 4 мүнөт сүйлөшкөндөй убактым жок болчу. Акча сураган дегени карандай калп. Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени “акча сураган” дегенине ким ишенет. Кайырчыдан акча сурады деген логикага да туура келбейт да. Революция болгон болчу. Бийлик башына эбак эле келип олтуруп калгам. Ал күндөрү акчанын да кереги жок болчу. Түрмөдөн чыгарып келип, президенттик тактыга олтургузган эл акчасыз эле шайлап коёру турган иш болчу. Ошондуктан жалганчылар, аферисттер бир нерсе деп айтса эле ишене бербегиле. Алар “шымына коё берип алган бала колун аябайт” болуп ар түркүн жомокторду токуп чыгып жатышат. Андыктан Аблязовуна да, башкасына да баш оорутуп, көңүл бөлүүгө убактым жок", - деген Жапаров.
SUPER.KG берген маегинде президент Аблязовдо Атамабевдин бийлиги учурунда кыргыз паспорту бар экенин жана анын Кыргызстанга келишине каршы болгонун кошумчалаган.
Казакстандык мурдагы банкир, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов өткөн аптанын аягында "Шумкар" деп аталган кыймылдын Ютуб каналына маек берип, Садыр Жапаров ага 2020-жылы октябрда президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда телефон чалганын, ага чейин Түркияда жүргөндө дагы жазганын билдирген.
Москванын Таганск райондук соту казакстандык оппозиционер, БТА Банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязовду 2020-жылы декабрда 15 жылга сыртынан эркинен ажыраткан. Саясатчы 60 миллиард рубль (800 миллион доллар) кымырып алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Мекенинде экс-банкир ушундай эле айып менен 2017-жылы 20 жылга кесилген. Дээрлик 16 жылдан бери чет өлкөдө жашап жүргөн Аблязов казак бийлигинин сынчысы катары таанылган. Ал айыптоолорду четке кагып, иштердин артында саясат турганын айтып келатат.
Кийин Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы Казакстанда “экстремисттик” деп жарыяланган. Европа парламенти аны “тынч оппозиция” деп атаган.
Президент Садыр Жапаровдун бийлигине оппозициялык "Шумкар" аттуу кыймылды “Кумтөр голд компани” ишканасынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу, чет өлкөдө жүргөн Теңгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге түзүшкөнүн 12-октябрда чет өлкөдөн кармалып келген Сыргак Кенжебаев жарыялаган. Алар социалдык тармактарда бийликтин аракеттерин сындаган видеолорду жарыялап келишкен.
12-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту “Шумкар” кыймылынын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердиги экстремисттик деп тапкан.
Соттун чечимине ылайык, Бөлтүрүк, Кенжебаев, Самат Кушбек жана Айдар Раевдин ишмердиги Кыргызстанда террористтик жана экстремисттик деп эсептелет.
Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда оппозициялык "Шумкар" кыймылы тууралуу айтып жатып анын мүчөлөрүн "оорулуу адамдар" деп атаган.
2025-жылы Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт айт десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын иликтөөчү журналист Болот Темиров, “Клооп” медиасынын жетекчиси Ринат Тухватшиндин ишмердигин да экстремисттик деп тапкан. (КЕ)
Шерине