Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Ысык-Көлдө жапырт өчкөн электр жарыгы калыбына келтирилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" (КУЭТ) Ысык-Көл облусунда электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилгенин, энергетикалык система штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Бул тууралуу КУЭТ "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, 19-октябрда эртең менен энергетиктер "Тамга" көмөкчордонунда зарыл болгон техникалык иштерди аякташты.

Мекеме 18-октябрда аталган көмөкчордонунда штаттан тышкаркы кырдаал жаралып, анын кесепетинен Ысык-Көл облусунун бир катар аймактарын электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын маалымдады.

Абалга эмне себеп болгонун жана канча убакытта калыбына келтирилгенин тактаган жок.

Учурда облус боюнча жарык толук калыбына келтирилди. Адистер жабдуулардын иштешине жана энергетикалык объектилердин абалына көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.

18-октябрда Ысык-Көл облусунун тургундары электр жарыгы жапырт өчкөнүн жазып чыгышкан. Жарык Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу райондорунда, Каракол шаарында жок болгон. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG