Кыргызстан менен Орусиянын акыйкатчылары Жамиля Жаманбаева менен Яна Лантрантова Москвада жолугушуп, жарандардын укуктарын коргоодогу негизги маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 19-октябрда кабарлады. Маалыматка караганда, биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси күн тартибиндеги негизги темалардын бири болду.
Бул долбоор эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо жана ыкчам чечүү үчүн бирдиктүү аянтча болууга багытталат.
"Борбордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында тараптар Кыргызстандын жана Орусиянын тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Жумушчу топ борбордун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап, ыйгарым укуктарды бөлүштүрүп, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүнүн макулдашылган механизмдерин иштеп чыгууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-сентябрда Яна Лантратова менен 30-сентябрда Бишкекте жолугушкан. Өкмөт башчы Орусияда эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттар маселесине токтолуп, "көзөмөл реестрине" киргизилген жарандарга көмөк көрсөтүү жана миграциялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү зарылдыгына көңүл бурган. Ошондой эле кыргызстандыктардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарынын билим алуу, медициналык жана социалдык коргоо укуктарын камсыз кылуу тууралуу да сөз болгон.
Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү институту менен Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жигердүү кызматташтык жүрүп жатканын айтып, жарандардын укуктарын коргоо боюнча орус-кыргыз борборун түзүү демилгесине да токтолгон.
Быйыл 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөл реестри" иштей баштаган. Бул тизмеге кирген адамдардын укуктары кескин чектелет.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр жыл башынан бери өлкөдөгү чет өлкөлүк жарандардын саны 10% кыскарган. Бул көрүнүш мигранттардын жашы жете элек балдарынын саны дээрлик 25% азайганы менен түшүндүрүлөт.
Май айында Орусияда 502 миңге жакын кыргызстандык эмгектенип жүргөнү айтылган. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат. (КЕ)
Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүү демилгесин сүйлөштү
Дагы караңыз
Шерине