Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Рубио Самаркандда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушат

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жубайы менен Самарканд аэропортунда. Ал С5+1 министрлер жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жубайы менен Самарканд аэропортунда. Ал С5+1 министрлер жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 18-октябрдын кечинде С5+1 министрлер жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына барды. Аны аэропорттон өзбек президентинин улуу кызы, президенттик администрациянын башчысы Саида Мирзиёева баштаган расмий адамдар тосуп алышты.

Бүгүн, 19-октябрда ал Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушары күтүлүп жатат.

Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Вашингтон экономика жана коопсуздук боюнча кызматташтыкка жол салууну көздөй турганы айтылган.

Сапарга жөнөп жатканда журналисттердин көп сандаган эл аралык кризистердин фонунда Борбор Азияга эмнеге баратканы тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, Рубио "сапардын максаты - кандайдыр бир чукул кылдарга реакция кылуу эмес, мамилелерди бекемдөө экенин" айтты.

"Бул маанилүү мамилелер. Көп учурда кризистерге көңүл бурулуп, стратегиялык маселелер экинчи планга жылып калат", - деген ал.

Америкалык башкы дипломат сапардын мөөнөтү беш өлкөнүн лидерлерине жана тышкы иштер министрлерине тең ыңгайлуу болушу үчүн тандалганын кошумчалады.

Рубио учурдагы курч кризистер узак мөөнөттүү дипломатиялык артыкчылыктарды көз жаздымда калтырбашы керектигин белгиледи.

Ал дипломаттар кризистерди чечүү менен гана алек болгондо башка маанилүү мамлекеттер аралык мамилелер экинчи планга сүрүлүп каларын түшүндүрдү.

Рубио Вашингтон администрациясынын эң курч эл аралык талаш-тартыштардан тышкары да өнөктөштүк мамилелерди сактоого умтулуп жатканын белгилеп, жакында Грекияга жана Латын Америкасына сапарларына токтолду.

Борбор Азия Европа менен Азиянын ортосунда стратегиялык маанилүү аймакта жайгашкан. Чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусия жана Кытай менен экономика, коопсуздук жана дипломатия тармактарында маанилүү байланыштарды сактап келишет. Ошондой эле Борбор Азия энергетикалык жана минералдык ресурстарга бай.

Вашингтон үчүн аймак менен мамилелерди чыңдоо ири державалар менен алакаларында тең салмактуулукту сактоого аракет кылган өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Рубионун айтымында, Украинадагы согуш, энергетикалык кыйынчылыктар жана Ирандын айланасындагы чыңалуу эл аралык күн тартипте башкы орунду ээлеп турганына карабастан, Борбор Азия менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө да көңүл буруу зарыл.


19-октябрда Самаркандда АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген «С5+1» форматындагы жолугушуу өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышат.

Сүйлөшүүлөрдө соода, инвестиция, коопсуздук, энергетика жана сейрек кездешүүчү минералдар тармагындагы кызматташтык негизги темалардан болмокчу. Рубионун сапарынын алкагында Өзбекстанга америкалык ишкерлердин 200дөн ашуун өкүлү да барат.

Самаркандда ошондой эле АКШ–Өзбекстан ишкердик жана инвестиция кеңешинин экинчи жыйыны пландалган. Ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да катышмакчы.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG