АКШ сейрек металл базарында Казакстанды Кытайга альтернатива катары көргүсү келет. Бул тууралуу 13-февралда Вашингтондун Астанадагы жаңы элчиси Жули Стаффт билдирди.
"Биз Казакстанды Кытай көзөмөлдөгөн сейрек металл базарына альтернатива катары көрө алабызбы? Ооба", - деди элчи Стаффт "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына.
Кызматына киришкенден бери Астанада алгач ирет журналисттер менен жолуккан Жули Стаффт эки өлкөнүн саясий жана соода мамилелери, сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча суроолорго жооп берди.
Кытай жогорку технологиялык өндүрүшкө керектелчү сейрек кездешүүчү металлдардын болжол менен 80% өндүрөт. Былтыр апрелде АКШ президенти Дональд Трамп соода балансын жөнгө салуу максатында дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө импорттук тарифтерди киргизгенде Кытай да сейрек металлдарды экспорттоону атайын лицензия аркылуу жөнгө сала баштаган.
Бул смартфон жана башка технологияларды өндүрүүдө колдонулуучу литий, кобальт, вольфрам, никель, тантал сыяктуу сейрек металлдарга болгон суроо-талапты күчөткөн.
Казакстан делегациясы былтыр ноябрда Вашингтондо өткөн C5+1 саммитинде өлкөдө 2,6 миллион тонна сейрек металл кору бар экенин билдирип, АКШ менен бир катар коммерциялык меморандумдарга кол койгон.
Алардын бири америкалык Cove Capital компаниясы менен казакстандык «Тау-Кен Самрук» улуттук компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишим болгон.
Көп өтпөй эки компания Казахстанда Cove Kaz Capital Group аттуу биргелешкен ишкана түзгөнү кабарланган. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, долбоорго 1,1 миллиард доллар инвестиция тартуу пландалууда, анын 900 миллиону АКШ өкмөтүнө караштуу Экспорт-импорт банкы тарабынан берилмекчи. Ишкана Караганды облусундагы «Түндүк Катпар» вольфрам кенин иштетүү менен алектенет.
«Бул маселе мага анча тааныш эмес, анткени бул келишим Казакстан өкмөтү менен Cove Capital ортосунда түзүлгөн. Бирок айтаарым, бул биз үчүн абдан маанилүү учур. Себеби америкалык компания биринчи жолу Казакстанга так бир минерал боюнча чалгындоо планы менен келип жатат. Азыр Cove Capital менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калды. Бул келечекте ушундай келишимдердин көбөйүшүнө жол ачат», - деди Жули Стаффт.
Cove Capital - тоо-кен тармагында технологиялык чечимдерди сунуштаган компания. Биргелешкен ишкананын 70% америкалык компанияга, ал эми 30% «Тау-Кен Самрук» улуттук компаниясына таандык. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, тараптардын талаптары жана милдеттенмелери тууралуу маалымат берилген жок.
5-февралда Казакстан делегациясы Вашингтондо өткөн Critical Minerals конференциясына катышкан. Бул иш-чараны АКШ өкмөтү сейрек металл рыногунда Кытайдын монополиясынан арылуу максатында биринчи жолу уюштурулган. Делегация башчысы Ермек Көшербаев Казакстан АКШ Геологиялык кызматынын тизмесиндеги сейрек металлдарга болгон суроо-талапты камсыз кыла аларын билдирген.
Ошондой эле 13-февралда Стаффты казак президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алган. Акордонун маалыматына ылайык, жолугушууда Астана менен Вашингтон ортосундагы кызматташтык «жигердүү өнүгүп жатканы» белгиленген.
Жули Стаффт - орус, румын, француз жана поляк тилдерин билген кесипкөй дипломат. Ал буга чейин Молдова, Жибути, Орусия, Эфиопия жана Польшадагы дипломатиялык миссияларда иштеген. Былтыр июлда президент Дональд Трамп аны Казакстандагы элчинин кызматына сунуштаган. Сенат аны октябрда бекиткен. Жули Стаффт 2026-жылдын 9-январында Токаевге ишеним грамотасын тапшырып, расмий кызматка киришкен.
Шерине