Украинадагы согушту токтотуу боюнча кийинки сүйлөшүүлөр 17–18-февралда Женевада өтөт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Орусиянын делегациясын Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп барат.
Песков сүйлөшүүлөр үч тараптуу форматта Орусия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөрүн кошумчалады.
Мындай жолугушуу 17 же 18-февралда болушу мүмкүн экенин буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский Bloomberg агенттигине курган маегинде айткан.
Politico басылмасынын булактары мүмкүн болгон аянтча катары Абу-Даби же Майамини аташкан, Женева айтылган эмес. Кремль буга чейин Швейцариянын нейтралдуулугунан күмөн санарын билдирген.
Politico жазгандай, буга чейинки сүйлөшүүлөрдө аймак маселелерине байланыштуу орток пикир табылган эмес.
Орусия аймактык жеңилдиктерди талап кылууда, ал эми АКШ Москва менен Киев ок атышууну токтотуу боюнча макулдашмайынча коопсуздук кепилдиктери тууралуу келишим түзбөй турганын Украинага билдирген.
Аты аталбаган америкалык аткаминерлер кийинки айлампада кандайдыр бир прогресске жетишүүгө болот деген пикирде.
Bloomberg жазгандай, кийинки жолугушууда Донбасста эркин экономикалык аймак түзүү боюнча АКШнын сунушу талкууланышы мүмкүн. Зеленский бул демилгеге Украина да, Орусия да этият мамиле кылып жатканын белгилеген.
"Эркин экономикалык аймак демилгеси орусиялыктарды да, бизди өзгөчө кубандырган жок. Бул маселе боюнча көз караштарыбыз ар башка. Ошондуктан кийинки жолугушууда анын кандай форматта болушу мүмкүн экенин кайра талкуулайлы деп макулдашылды", — деген ал.
Жыл башталгандан бери Абу-Дабиде үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн эки айлампасы өттү. Стамбулдагы мурдагы сүйлөшүүлөрдөн айырмаланып Орусия делегациясын анда Мединский эмес, Башкы штабдын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) башчысы Игорь Костюков жетектеген.
Шерине