Франциянын Ички иштер министрлиги 18-октябрдын кечинде тараткан маалыматка караганда, ишембиде тополоң менен коштолгон нааразылык акцияларынан кийин 2397 киши кармалды. Полиция менен жандармериянын 997 кызматкери жараат алды, алардын жетөөнүн абалы оор.
Француз президенти Эммануэл Макрон элге кайрылуусунда, ишембиде бүт өлкө боюнча өткөн акциялар учурунда өрт коюу, талап-тоноо жана зомбулук менен алектенгендер табылып, жазаланарын айтты.
Ал нааразылыкка чыккандардын негизги бөлүгүнүн мыйзамдуу талаптары менен "талкалап, талап-тоногондордун" аракеттерин эки бөлүп кароо керектигин кошумчалады.
" Муну эч нерсе актай албайт, түшүндүрө албайт, кечире албайт. Бүгүн баарыбыз ачууланып жана уялып турабыз. Зыян келтиргендер жазага тартылышы керек", - деген Макрон бийлик "ашынган солчул маргиналдык топтордун үгүтчүлөрүнө, аларга кошулуп мыйзам бузгандарга, шаарларда зомбулукту тутандыргандарга" карата катаал позицияда экенин эскертти.
Бийлик коопсуздук чараларын күчөтөрүн билдирип, полициянын аракеттеринен сабак алынарын убада кылды. AFP жазгандай, француз президенти өзгөчө кырдаал же коменданттык саат сыяктуу чараларды киргизүүдөн карманды.
Францияда күйүүчү майдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары быйыл сентябрда тутанган. Кара майдын кескин кымбатташына Жакынкы Чыгыштагы кризис себеп болууда.
Октябрдын башында мектептер менен университеттердеги шарттын начардыгын, мугалимдердин жетишсиздигине, билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө нааразылык билдирген окуучулар жана студенттердин акциясы башталып, анын арты катуу тополоңго айланган.
Акцияга кийинчерээк мугалимдер, кесиптик кошуундар жана "Сары чапан" кыймылынын тарапкерлери кошулуп, жалпы өлкөгө тараган.
17-октябрда бир нече жумадан бери уланып жаткан нааразылык акциянын алкагында түмөндөгөн киши жапырт көчөгө чыгып, кымбатчылыкка, күйүүчү майдын баасына жана коомдук тейлөө кызматтарындагы көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышты. Бул акциялар башаламандык, тополоң менен коштолду.
Шерине