Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

"АКШ аймакта мындан маанилүү оюнчуга айлана алат". Экс-элчи Дэниел Розенблюм менен маек

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жубайы менен Самарканд аэропортуна келип түшүп жатат, 18-октябрь, 2026-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жубайы менен Самарканд аэропортуна келип түшүп жатат, 18-октябрь, 2026-жыл

Эмне үчүн адам укуктары АКШнын Борбор Азия менен кызматташуусунун күн тартибинен түшүп, анын ордун прагматизм ээледи жана бул тенденция канчалык узакка созулушу мүмкүн? Орусия бекем орун алып, Кытайдын таасири күчөп жаткан чөлкөмдө Вашингтон кандай роль ойнойт?

АКШнын мамлекеттик катчысы Марк Рубионун Самарканддагы "С5+1" форматындагы жолугушуусун утурлай "Эркин Европа/Азаттык" радиосу америкалык дипломат, Ташкент менен Астанадагы АКШ мурдагы элчиси Дэниел Розенблюмга ушул жана башка суроолорду узатты.

Дэниел Розенблюм - америкалык ардагер дипломат. Ал 2014-2019-жылдары АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын орун басары болуп иштеген. 2019-2022-жылдары АКШнын Өзбекстандагы элчиси, ал эми 2022-2025-жылдары АКШнын Казакстандагы элчиси кызматын аркалаган. Жалпысынан ал АКШнын тышкы саясат тармагында 28 жыл иштеп, негизинен Борбор Азия жана постсоветтик мейкиндик маселелерине көңүл бурган.

Дэниел Розенблюм
Дэниел Розенблюм

"Азаттык": Сиз бул аймакты ичинен билесиз жана АКШнын бул багыттагы дипломатиялык ишмердигине узактан бери аралашып жүрөсүз. Мамкатчы Рубионун жана америкалык бизнестин 200 өкүлүнөн турган делегациянын сапарын утурлай учурдагы кырдаалга кандай баа бересиз? Бүгүнкү жагдай мурдагы мезгилдерден канчалык айырмаланат?

Дэниел Розенблюм: Биринчиден, бул өзгөчө формат экенин белгилегим келет. Мамлекеттик катчынын аймакка болгон сапары ушунчалык ири бизнес-делегация менен коштолгон учур эсимде жок. Албетте, мурда-кийин дагы бизнес-миссиялар көп болгон.

Мисалы, 2019-жылы Ташкентке келгенден бир ай өткөндөн кийин АКШнын Соода министрлигинин колдоосу менен уюштурулган "атайын соода миссиясы" келген. Компаниялардын өкүлдөрүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр кызыктырчу. Мындай иш сапарлар кадимки көрүнүш эле. Казакстанда иштеп турган мезгилде да ушундай миссиялар уюштурулган.

Бирок алардын мамлекеттик катчынын сапары менен түздөн-түз байланышканын эстей албай турам. Балким жаңылышып калышым да ыктымал. Кандай болгон күндө да бул өзгөчө көрүнүш.

Менимче, бул оң кадам. Ал жаңы келишимдерге, инвестиция тартууга жана башка ийгиликтерге жол ачышы мүмкүн.

Ошол эле учурда Борбор Азияга инвестиция салуудагы негизги шарттар мурдагыдай эле бойдон калууда. Мамлекеттик катчы баштапкы байланыштарды түзүүгө жардам бериши мүмкүн, бирок аймактагы инвестициялык чөйрөгө байланыштуу тоскоолдуктар дагы деле бар.

Инвестициялык климат ар бир өлкөдө ар башка. Кайсы бири мамлекеттер бизнес үчүн башкаларга караганда ачыгыраак. Мындан тышкары аралык, логистика, каржылоо маселелери жана ишенимдүү өнөктөш табуу сыяктуу факторлор дагы деле чоң мааниге ээ.

Бул сапар кандай жыйынтык берерин көрүү кызык болот. Канча жаңы келишим түзүлөрүн түшүнүү үчүн убакыт керек. Америкалык компаниялардын саны азыркыдан он эсе көбөйүп кетет деп күтпөйм, бул анча ынанымдуу эместей көрүнөт.

Бирок мамлекеттик катчынын сапарын бизнес-миссия менен айкалыштыруу туура кадам деп эсептейм.

"Азаттык": «С5+1» форматы ишкердик жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жардам береби? Же бул көбүнчө саясий жана дипломатиялык платформабы?

Дэниел Розенблюм: Экономикалык компонент «С5+1» форматында эң башынан эле болгон. Биз бул платформаны 2015-жылы ишке киргизгенде АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн кызматташуусу үчүн үч комитет түзгөнбүз.

Биринчиси коопсуздук жана терроризмге каршы күрөштүн маселелери менен алектенчү.

Экинчиси экология жана энергетика маселелерине арналган. Анткени бул эки тармак бири-бири менен тыгыз байланышкан.

Үчүнчүсү экономика, соода жана инвестициялар боюнча болгон.

Демек, экономикалык багыт диалогдун ажырагыс бөлүгү болуп келген.

Дональд Трамптын администрациясы бийликке келе электе Жо Байдендин тушунда «B5+1» механизми түзүлгөн. Бул жерде «B» деген сөз «business» - «бизнес» дегенди билдирет.

Бул АКШнын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн бизнес өкүлдөрү үчүн өзүнчө аянтча болуп саналат. Анын алкагында алар соода жана инвестицияга тоскоол болгон көйгөйлөрдү, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашат.

Мен жаңылышпасам, бул механизм 2022 же 2023-жылы түзүлүп, кийин туруктуу практикага айланды. Трамп администрациясы да аны колдоп, өнүктүрүүнү уланткан.

Ошондуктан ал бүгүнкү күндө «С5+1» форматынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

Менин оюмча, жеке сектордун өкүлдөрү бири-бири менен түз байланыш түзө алган параллелдүү аянтчанын болушу абдан жакшы. Эгер бардык талкуулар өкмөттөрдүн деңгээлинде гана жүрсө, анда көздөгөн жыйынтыктарга жетүү кыйыныраак болот.

Адам укуктары жана Ак үйдүн прагматикалык саясаты

"Азаттык": Сиз белгилегендей, азыр америкалык дипломатия менен бизнестин кызыкчылыктарынын болуп көрбөгөндөй тыгыз байланышын көрүп жаткандайбыз. Көптөр айткандай, Трамп администрациясы үчүн бүгүн бизнестин кызыкчылыктары биринчи орунда турат. Ошол эле учурда АКШнын Борбор Азия менен болгон салттуу мамилелериндеги адам укуктары, демократия, реформалар жана ачык рынокту өнүктүрүү сыяктуу маселелер экинчи планга сүрүлүп калды окшойт. Бизнеске басым жасоо аймак менен АКШны жакындата алабы? Же мунун өз тобокелдиги барбы?

Дэниел Розенблюм: Бул абдан жакшы суроо. Анткени бул өткөн мезгилдерде биздин тышкы саясатта жана эл аралык мамилелерде таянган тең салмактуулукту олуттуу четтөө болуп саналат.

Мурда биздин мамилелерде ар дайым белгилүү бир тең салмактуулук бар эле. Бир жагында демократияны өнүктүрүү, рыноктук реформалар, адам укуктарын коргоо жана негизги эркиндиктерди камсыз кылуу маселелери турчу. Экинчи жагында коопсуздук кызыкчылыктары бар эле.

Бул жерде сөз экономика жөнүндө гана эмес коопсуздук дагы дайыма маанилүү компонент болгон. Мисалы, Ооганстандагы согуш, террордук топторго каршы күрөш, чек аралык кылмыштуулук менен күрөшүү сыяктуу маселелер биздин кызматташуунун бир бөлүгү болгон.

Экономикалык кызыкчылыктар болсо үчүнчү маанилүү багыт эле.

Ошентип, бул үч компоненттин ортосунда дайыма тең салмак издөөгө туура келген. Ар бирине бирдей көңүл буруу мүмкүн эмес. Кээде улуттук кызыкчылыктар үчүн мааниси артык кайсы бир багытта компромисске барууга туура келет.

АКШнын Борбор Азияга багытталган саясаты чөлкөмдөгү өлкөлөр эгемендик алган 1990-жылдардын башынан бери дал ушундай принциптерге таянып жүргүзүлүп келген.

Бирок азыркы администрация бул ыкмадан кыйла алыстап кетти.

Менин байкашымча, демократия жана адам укуктары маселелери жөн гана экинчи планга сүрүлгөн жок. Алар дээрлик толугу менен күн тартибинен чыгып калды.

Балким жабык эшик артында мага белгисиз талкуулар жүрүп жаткандыр. Бирок азырынча бул темаларга көңүл бурулуп жатканын айгинелеген белгилер көрүнбөйт.

Айрымдар, анын ичинде Борбор Азияда да, мындай ыкма эки тараптуу мамилелерге оң таасир берет деп эсептешет. Алардын ою боюнча бул сүйлөшүүлөрдү жеңилдетип, түздөн-түз бизнес маселелерине өтүүгө мүмкүндүк берет.

Чынында эле мындай мамиле кызматташууну жөнөкөйлөтөт.

Бирок мен адам укуктары жана демократия маселелерин толугу менен алып салып туруп, АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү жана бекем мамилелерди сактап калууга болоруна көзүм жетпейт.

Муну айтып жатканымдын себеби Борбор Азия өлкөлөрү бул маселелерге көңүл бурбайт дегендик эмес. Балким алар бул теманын күн тартибинде жок болгонуна кубанып жаткандыр.

Балким мен жаңылышып жаткандырмын. Бул жерде жөн гана өз талдоомду айтып жатам. Менин оюмча, АКШнын тышкы саясатынын бул бөлүгү сөзсүз сакталат. Ал биротоло жок болуп кетпейт.

Бул мыйзамдарда бекитилген. Мисалы, дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жыл сайын докладдарды даярдоо милдети бар. Ошондой эле буга байланышкан санкциялык механизмдер каралган.

Бул АКШ эл аралык саясатта карманган принциптердин ажырагыс бөлүгү. Мен муну америкалык саясий салттын бир бөлүгү гана эмес, америкалык ДНКнын бөлүгү деп айтмакмын.

Албетте, башка өлкөлөр кээде муну АКШнын акыл үйрөтүүсү катары кабыл алышат. Бирок бул сөзсүз түрдө ошондой болушу керек эмес. Жеке өзүм мындай карабайм. Менин көз карашымда, бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү.

АКШ президентинин Борбор Азия лидерлери менен жолугушуусу. 2025-жылдын 6-ноябры.
АКШ президентинин Борбор Азия лидерлери менен жолугушуусу. 2025-жылдын 6-ноябры.

"Азаттык": Азыркы администрациянын аймакка болгон кызыгуусу негизинен Борбор Азиядагы эң ири жана калкы көп эки өлкөгө - Өзбекстан менен Казакстанга багытталгандай көрүнөт. Мындан тышкары, президент Трамп менен Өзбекстан жана Казакстандын лидерлеринин ортосунда жеке байланыштар да бар. Алар Трамптын демилгеси менен түзүлгөн "Тынчтык кеңешинин" (Board of Peace) курамына кирет. Президент Трамп аларды көрүнүктүү лидерлер катары мүнөздөгөн. Балким, мындай жеке мамилелер бизнес байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө болушу мүмкүн. Сиздин оюңузча институционалдык негиз бекем болбосо мындай ыкма канчалык туруктуу?Албетте, аймак жетекчилери менен жеке мамилелер артыкчылык да берет, бирок аларды узак мөөнөттө сактап калууга болобу?

Дэниел Розенблюм: Менимче, мындай мамиле узак мөөнөттөн алганда туруктуу боло албайт. Муну түз эле айтайын.

Мен америкалык компаниялар менен аймактагы өлкөлөрдүн - Казакстандын, Өзбекстандын жана башкалардын ортосунда жаңы келишимдердин түзүлүшүнө каршы эмесмин. Тескерисинче, аймакта иштеп жүргөндө бул багытта өзүм да көп күч жумшагам. Мен бул чөйрө менен дээрлик 12 жылдан бери алектенип жүрөм, ал эми 2014-жылдан бери өзгөчө активдүү иш жүргүздүм. Макулдашууларды түзүүгө аракет кылып, абдан көп убакыт менен күч-аракет жумшаганбыз.

Бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу бир мисалды келтирейин. Бул - америкалык тоо-кен компаниясы Cove Capital. Жакында ал жаңылыктардын башкы сабына чыкты, анткени дал ушул компания Казакстандын өкмөтү менен вольфрам кенин иштетүү боюнча келишим түзгөн. Бул тууралуу өткөн жылдын ноябрында президент Касым-Жомарт Токаевдин сапары маалында жарыяланган.

Мен Казакстандагы элчи болуп турган учурда биз Cove Capital компаниясынын казак рыногуна чыгуусуна жардам бергенбиз. Компания стратегиялык мааниге ээ минералдарды чалгындоого кызыккан, бирок бул үчүн профилдик мамлекеттик органдан, тактап айтканда Өнөр жай министрлигинен лицензия алышы керек болчу.

Башында компанияга лицензия берилбей калган. Бирок биздин колдообуздун аркасында Cove Capital керектүү уруксаттарды алган. Натыйжада компания рынокто ишин баштоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ошол кезде эле компания вольфрам кени боюнча долбоорду талкуулап, ага кызыга баштаган. Биз бул маселени чечүүдө да жардам бергенбиз.

Мен кызматтан кеткенден кийин жана администрация алмашкандан кийин мурдагы талкуулар конкреттүү келишимге айланды. Белгилей кетчү нерсе, мунун баары Трамп администрациясы бийликке келгенге чейин эле башталган.

Жарыяланган келишим абдан ири болчу. Эсимден чыгып кетпесе, анын көлөмү болжол менен 1,6 миллиард долларды түзгөн.

АКШнын экономикалык кызыкчылыктарынан алганда бул эң сонун жыйынтык. Ошол эле учурда Казакстан үчүн да пайдалуу.

Казакстан аймактагы өнөктөштөрүнө, анын ичинде Кытайга ашыкча көз каранды болуп калуудан чочулайт. Астана кытайлык инвестициянын өсүшүн кубаттаганы менен Кытай тоо-кен тармагын толугу менен көзөмөлдөп алышын каалабайт.

Ошондуктан Казакстан америкалык компаниялардын катышуусуна кызыкдар. Бул эки тарап үчүн тең пайдалуу болгон кызматташтык модели.

Бирок көптөр маалымат каражаттарынан окугандай, бир нече ай мурун президент Трамптын уулдары - Эрик менен Дональд Трамптарга таандык компания бул долбоордо кыйыр түрдө олуттуу үлүшкө ээ экени тууралуу маалымат чыккан.

Негизинен бул Казакстандагы Cove Capital биргелешкен ишканасынын курамына кирген холдингдик компанияга жасалган пассивдүү инвестиция болуп эсептелет.

Эгер келишимдин бардык деталдарын кылдат талдап көрсөк, анда мыйзамсыз эч нерсе жок болушу толук мүмкүн. Бирок бул жерде кызыкчылыктардын кагылышынын ачык белгилери байкалат.

Бул жагдай Казакстандын өкмөтүн тынчсыздандырышы керек деп ойлойм. Анткени 2029-жылы АКШда жаңы администрация бийликке келет.

Мындан тышкары, бир нече жумадан кийин өтө турган Конгресске болгон шайлоодон кийин мыйзам чыгаруучу органда күчтөрдүн катышы өзгөрүшү мүмкүн. Демократтар көпчүлүк орунга ээ болуп калса, алар ар кандай иликтөөлөрдү, анын ичинде коррупциялык мүнөздөгү маселелер боюнча териштирүүлөрдү башташы ыктымал.

Мындай шартта бул келишим өзгөчө көңүл борборуна түшүшү толук мүмкүн.

Юридикалык же этикалык жактан эч кандай мыйзам бузуу болбосо да мындай кырдаал алардын беделине жагымсыз таасир жаратат.

Ал эми бул таасир Казакстан кааласа да, каалабаса да өлкөнүн өзүнө сөзсүз тиешелүү болот.

Узак мөөнөттүү келечекте мындай жагдай Казакстан үчүн да, анын Америка Кошмо Штаттары менен болгон мамилелери үчүн да жакшы натыйжа алып келбейт.

Мунун баары жеке байланыштарга өтө эле таянган мамиленин тобокелдигин көрсөтүп турат. Башкача айтканда, саясаттын борборунда президенттин өзү, анын үй-бүлөсү жана ага жакын адамдар турган учурда кандай коркунучтар тоорушу мүмкүн экенин биз азыр эле көрүп турабыз.

Бул тобокелдиктер абстракттуу эмес, алар көз алдыбызда болуп жатат.

Орусия менен Кытайдын ортосундагы аймактагы АКШнын ролу

"Азаттык": Эми кеңири геосаясий маселеге кайрылып, Орусия тууралуу сөз кылсак... Аймактагы Орусиянын таасири канчалык алсыраганын так айтуу кыйын, бирок мурдагыдай күчтүү эмес дегенге негиз бар деп ойлойм. Сиздин оюңузча, АКШ Орусиянын таасири азайышынан улам пайда болгон айрым боштукту толтуруп, коопсуздук, энергетика жана логистикалык багыттарда, анын ичинде Ортоңку коридор жана башка транспорттук маршруттар боюнча өз ишмердүүлүгүн кеңейте алабы? Же болбосо чөлөкм өтө алыс жайгашып, көптөгөн саясий, маданий жана тилдик тоскоолдуктар АКШнын бул жерде узак мөөнөттүү карым-катнашына мүмкүндүк бербейби?

Дэниел Розенблюм: Бул менин бүтүндөй дипломатиялык жолумда көп ойлонгон суроолордун бири.

Борбор Азияга кызыгуум көп жыл мурун башталган жана бул багытта чоң күч жумшадым. АКШ чөлкөмгө көбүрөөк көңүл буруп, активдүү саясат жүргүзүшүн дайыма колдодум. Муну мамлекеттик түзүмдөрдүн ичинде да, коомдук деңгээлде да айтып жүрдүм. Ошондуктан бул маселе жеке мага да маанилүү.

Албетте, бүгүн Орусия башка көйгөйлөргө көбүрөөк алаксып калды. Өзү баштаган Украинадагы согуштун айынан анын ресурстары да кыйла чектелди.

Ошентсе да, аймактагы 30-35 жылдык иш тажрыйбама таянып айтсам, реалдуулуктан тайбашыбыз керек. АКШ бул жерде канчалык деңгээлде маанилүү же негизги оюнчу боло алары тууралуу ашыкча жалган үмүткө жетелени калбоо зарыл.

Жыл өткөн сайын менин өзүмдүн көз карашым да реалдуураак болуп калды.

Сиз айткан АКШнын алака-катышын чектеген бардык факторлор чыныгы көйгөй болуп саналат. Регион чындап эле географиялык жактан абдан алыс жайгашкан. Биз мурда америкалык инвестициянын көбөйүшү жана жаңы келишимдер тууралуу сүйлөштүк. Ооба, мүмкүнчүлүктөр бар, бирок алар дал ушул алыс аралыктан улам чектелүү.

Логистика, жеткирүү чынжырлары жана транспорттук байланыштар бул жакта өтө татаал уюштурулган. Америкалык бизнес үчүн үйүнө жакыныраак же кыйла өнүккөн рыноктордо көп мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан Борбор Азия дүйнөнүн башка аймактары менен Американын капиталын тартып, көңүлүн алууга жана ресурстары үчүн атаандашууга аргасыз болот.

АКШнын тышкы саясаты тууралуу айта турган болсок, Трамп администрациясы мурдагыга салыштырмалуу Борбор Азияга көбүрөөк көңүл буруп жатат. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар көбөйдү.

Бирок мындай жигердүү форматты узак мөөнөттө сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө менин көзүм жетпейт. Узакка созулса, албетте, кубанмакмын. Бирок чөлкөм АКШ үчүн баары бир экинчи даражадагы багыт бойдон калат деп ойлойм.

Ошондуктан АКШ өзүнүн салыштырмалуу артыкчылыгы бар жана Борбор Азия өлкөлөрү америкалыктардын катышуусун чындап каалап, баалаган тармактарга көңүл бурушу керек.

Андай тармактар бар экени талашсыз.

Биз дал ошол жерлерге басым жасап, өзүбүздү альтернатива катары көрсөтүшүбүз керек. Башкача айтканда, Борбор Азия мамлекеттерине ири коңшуларынан болгон көз карандылыкты азайтууга, көбүрөөк өз алдынчалуулукка жетүүгө жана чыныгы суверендүү мамлекеттер катары өнүгүүгө жардам бере турган кошумча мүмкүнчүлүктөрдү сунуштообуз керек.

АКШ бул багытта роль ойной алат. Бул коопсуздук тармагында болобу, экономикада болобу же эл аралык кызматташтыкта болобу, биз сунуштай турган нерселер көп.

АКШ бүгүнкүгө караганда кыйла маанилүү оюнчуга айлана алат.

Бирок менин көз карашымда биз эч качан бул чөлкөмдө башкы оюнчу боло албайбыз. Кырдаалга реалдуу баа берсек жагдай ушундай.

"Азаттык": Ушуга байланыштуу дагы бир суроо жаралат. Анда регион толугу менен Кытайдын капиталы менен таасиринде калабы? Анын үстүнө акыркы жылдары аймактагы өлкөлөр кытайлык аскердик техниканы көбүрөөк сатып ала баштады. Мурда алардын коопсуздугу негизинен Орусияга көз каранды болсо эми бул багыт акырындык менен Кытайга ооп жаткандай көрүнөт. Кытай дээрлик бардык тармактарга аралашканын көрүп жатабыз. Бул "оюн утулду" жана аймак толугу менен Бээжиндин көзөмөлүнө өттү дегенди билдиреби?

Дэниел Розенблюм: Жок, эгер муну деги эле оюн деп атоого болсо аны "утулган оюн" деп эсептебейм.

Албетте, көп учурда кырдаал дал ушундай сүрөттөлөт. Кандайдыр бир деңгээлде мындай түшүндүрмө негиздүү да. Анткени көптөр, анын ичинде аймактын өзүндөгүлөр да жагдайды дал ушундай кабыл алышат. Бирок сөзсүз түрдө ушундай болушу шарт эмес.

Мен жогоруда айткан реалдуу көз караш жана кутүүлөрдү ченеми тууралуу ойго кайра кайрылгым келет. Чөлкөмдө иштеп жүргөндө дайыма Борбор Азия өлкөлөрүнө коңшулары менен жакшы, достук жана натыйжалуу мамилелер керек деген түшүнүктө элем.

Алар Орусияга, Кытайга же Иранга кас саясат жүргүзө алышпайт. Иран менен да конструктивдүү мамилелерди сактоонун жүйөлүү себептери бар. АКШ муну түшүнүп, кабыл алышы керек.

Бирок бул биз эки багытта бирдей иштей албайбыз дегенди билдирбейт.

Биринчиден, мен мурда айткандай, башка өнөктөштөргө караганда артыкчылыкка ээ тармактарды табууга болот. Мисалы, технология жаатында.

Мен Казакстанда иштеп турганда өлкө жетекчилиги маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жана башка алдыңкы тармактар боюнча АКШ менен кызматташууга абдан кызыкдар болчу.

Алар АКШ бул тармактарда дүйнөлүк лидер экенин түшүнүп, балким дагы узак убакыт бою лидер бойдон калышы мүмкүн деп эсептешчү. Ким билет, балким дайыма эле ошондой болоор.

Балким мен жаңылышып жаткандырмын, бирок жалпы таасир ушундай болчу. Ошондуктан алар бул тармактарда биздин аралашуубузду каалашкан.

Мындан тышкары, бул алар үчүн тең салмактуулукту сактоо жана Кытайга ашыкча көз карандылыктан качуу стратегиясынын бир бөлүгү болгон.

Демек, Кытай таасирин кеңейтип жаткан шартта да АКШ маанилүү ролду ойной ала турган тармактар бар.

Дагы бир мисал - англис тили.

Казакстанда, Өзбекстанда жана бүтүндөй аймакта англис тилин үйрөнүүгө чоң жана чын ыкластан кызыгуу бар.

Кытай тили акырындык менен позициясын бекемдеп жатканын да көрүп жатабыз. Айрыкча кытайлык университеттерде билим алууга мүмкүндүк берген стипендиялар көбөйдү.

Бирок бул англис тилине болгон кызыгуу менен салыштырганда деңиздеги бир тамчыдай эле.

АКШ өкмөтү бул аймакта англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга өз салымын кошуп келген.

Англис тили биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз болуп саналат жана биз аны ар кандай жолдор менен пайдалана алабыз.

Кытай менен мамилелерге байланыштуу дагы бир маанилүү жагдайга токтолгум келет.

Бул Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен Кытайга ашыкча көз каранды болуп калуунун коркунучтары жөнүндө ачык сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү.

Мен иштеп турган учурда биз муну белгилүү бир деңгээлде жасап келгенбиз.

Албетте, биз аларды Кытай менен сооданы токтотууга же жакшы мамилелерден баш тартууга чакырбайбыз. Бул реалдуу эмес. Кытай менен байланыштар мындан ары да өнүгө берерин түшүнүшүбүз керек.

Биз болгону кытайлык маалыматтык технологиялардын жайылышына этият мамиле кылууну сунуштайбыз.

Анткени Кытай маалыматтарды чогултат, байкоо жүргүзөт жана узак мөөнөттүү келечекте коркунуч жаратышы мүмкүн болгон башка иштер менен алектенет.

Ошондуктан мамлекеттер өз коопсуздугуна, анын ичинде киберкоопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга тийиш.

Мындан тышкары карызга көз карандылык маселеси да бар.

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө мамлекеттер Кытайга өтө көп карыз болуп калып, натыйжада Бээжиндин басымына алсыз болуп калган учурлар кездешет.

Бул жерде да биз мындай тобокелдикке көңүл буруп, белгилүү бир роль ойной алабыз.

Менин оюмча бул - АКШ үчүн толук реалдуу жана пайдалуу багыттар.

Ошол эле учурда Кытай Борбор Азиядагы ишмердигин жана байланыштарын кеңейтүүнү уланта берет. Бул чындык жана биз аны эске алып иш алып барышыбыз керек.

"Реалдуу максат коюуну үйрөнүшүбүз керек"

"Азаттык": Өзүңүздүн эскерүүлөрүңүздө акыркы максат катары «эч кандай “плюссуз” жана “минуссуз” күчтүү С5 форматын түзүү керек» деп жазгансыз. Бирок иш жүзүндө азыр ошол «плюстардын» саны мурдагыдан да көбөйдү. Мындай форматтар улам көбөйүп жаткан учурда аймактын азыркы абалын кандай баалайсыз?

Дэниел Розенблюм: Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү ушул «С5+» форматына канчалык көп убакыт жана көңүл бурары мени көп учурда таң калтырат, атүгүл суктанып да кетем. Алар мунун баарына кантип жетишип жатканын элестете албайм.

Мен аймактан кеткен кезде жаңылбасам, «С5+» форматтарынын 13 түрү бар эле. Адегенде Жапония менен Түштүк Корея түзгөн, кийин АКШ кошулган. Андан соң Орусиянын, Кытайдын жана Европа Биримдигинин форматтары пайда болду.

Азыр болсо айрым европалык өлкөлөрдүн, мисалы Италиянын жана Германиянын да өзүнчө платформалары бар. Жаңылбасам, Индиянын да ушундай форматы бар.

Бул тизмени дагы узарта берсе болот.

Азыр «С5+» форматтарынын саны жылдагы айлардын санынан да көп болуп калды. Ай сайын бирден жолугушуу өткөрсө да, алардын баарын бир жылда камтуу мүмкүн эмес.

Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтерине оңой эмес түйшүк түшкөнүн түшүнөм.

Менин терең ишенимимде, дал ошол жөнөкөй С5 форматы, башкача айтканда эч кандай «плюссуз» жана «минуссуз» кызматташтык акырындык менен өнүгүп, бекемделип жана биримдиги күчөп баратат.

Сырттан байкагандарга бул дароо көрүнбөшү мүмкүн. Анткени аймак өлкөлөрү азырынча С5 түзүмүн институционалдык жактан толук калыптандыра элек.

Аларда азыркыга чейин катчылык да, туруктуу башкаруу органы да жок. Ошондой эле энергетика, суу ресурстары сыяктуу тармактар боюнча С5тин адистештирилген министрликтер түйүнү түзүлгөн эмес.

Башкача айтканда, С5 азырынча айрым башка аймактык уюмдардай өнүккөн институционалдык негизге ээ эмес.

Мисалы, Скандинавия өлкөлөрүнүн Түндүк кеңешин же Түштүк-Чыгыш Азиядагы АСЕАН уюмун алсак болот. Алар узак убакыттан бери иштеп келип, бекем биримдикти түзүшкөн.

Бирок мындай деңгээлге акырындап жетиш керек.

Азырынча Борбор Азия өлкөлөрү жыл сайын саммиттерди өткөрүп, министрлер деңгээлиндеги жолугушууларды уюштуруп, келишимдерге кол коюп жатат.

Алар мурдагыга караганда кыйла ынтымактуу аракеттене баштады. Тактап айтканда, мен бул аймак менен жаңыдан иштей баштаганга салыштырмалуу бир кыйла координацияланган саясат жүргүзүшөт.

Жакында мен беш өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү өсүп жатканын көрсөткөн статистиканы көрдүм. Бул жакшы белги.

Оң тенденциялар бар жана убакыт өткөн сайын бул кызматташтык чындап эле маанилүү бир деңгээлге жетет деп оптимисттик көз караштамын.

Бирок тышкы өнөктөштөр катышкан көптөгөн «плюс» форматтары алардын көңүлүн олуттуу түрдө бөлүүдө.

Бул чындап эле тоскоолдук жаратып жатат.

Ошондуктан, келечекте Борбор Азия өлкөлөрү мындай форматтардын санын кыскартып, жалпы ыкмасын кайра карап чыгышы керек деп ойлойм.

"Азаттык": Сиз өмүрүңүздүн ондогон жылдарын бул аймакта демократияны өнүктүрүү ишине арнадыңыз. Бирок бүгүнкү реалдуулукта жергиликтүү саясий системалар барган сайын үй-бүлөлүк бизнеске окшоп баратат. Көпчүлүк жерде бийлик атасынан уулуна же кызына өтүп жаткан «түркмөн сценарийин» көрүп жатабыз. Эгемендиктен бери Батыш өлкөлөрүнүн, айрыкча АКШнын аракеттеринен майнап чыккан жок деп айтууга болобу? Же бул башынан эле ишке ашпаган үмүт эле беле?

Дэниел Розенблюм: Мен үчүн бул чынында эле экзистенциалдык суроо. Анткени бул багытта дээрлик 35 жылдан бери алектенип жүрөм.

Чынын айтсам, так жообум жок.

Балким бул жөн гана адамдын реакциясыдыр, бирок мен муну толук майнапсыз деп атагым келбейт.

Мен эмне үчүн ушундай деп эсептөөгө болбой турганын өзүмө түшүндүрүүгө аракет кылам жана жалпы көрүнүштүн ичинен жетишкендиктерди табууга умтулам.

Балким эң оболу баштапкы күтүүлөр өтө эле реалдуу эмес болгонун моюнга алышыбыз керек.

Ошол мезгилде белгилүү бир эйфория өкүм сүргөн.

Баарыбыз 1990-жылдардын башындагы "тарыхтын аягы" жөнүндөгү концепцияларды жана либералдык демократия дүйнөнүн бардык жеринде сөзсүз жеңет деген идеяларды эстейбиз.

Чындыгында бул өтө эле реалдуу эмес көз караш болгон.

Балким ошол түшүнүктөр бизди жаңылыштыкка түртүп, окуялар сөзсүз ушундай багытта өнүгөт деген ишенимди жараткандыр.

Ошого карабастан, жарандык коом уюмдарын жана көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоого, негизги эркиндиктерди коргоого жана карапайым калкты өз өкмөттөрүнүн негизсиз басымынан сактоого багытталган иштер туура болгон деп бекем ишенем.

Биз акыркы максаттарга жеттик деп айта албайбыз.

Бирок бул аракеттерди жасоо сөзсүз керек эле.

Жок дегенде адамдарга башка шартта деги эле түшкө кирбеген иштерди жасоого мүмкүнчүлүк берилди.

Балким айрым адамдардын өмүрү сакталып калгандыр.

Ошондуктан бул маселелер көп жылдар бою саясаттын борборунда турганына эч өкүнбөйм.

Бирок ошол эле учурда биз кандай сабак алышыбыз керек.

Тышкы саясат аркылуу эмнеге жетүүгө болорун жана эмне мүмкүн эместигин туура түшүнүп, алдыбызга реалдуу максат коюуну үйрөнүшүбүз зарыл.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG