Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:45

Петербургдагы жапырт чабуул: мунай базасы, кампа, дата-борбор өрттөнүп жатат

2026-жылдын 24-июлу, Санкт-Петербург. Украиналык дрондун чабуулунан кийин күйүп жаткан Wildberries кампасы
2026-жылдын 24-июлу, Санкт-Петербург. Украиналык дрондун чабуулунан кийин күйүп жаткан Wildberries кампасы

Орусиянын Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу 18-октябрга караган түнү украиналык дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Бул Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери аймакка карата эң ири чабуул болуп калды.

Дрондор мунай базаларына, дата-борборго жана кампаларга кулап, өрт чыккан. Дрондордун бири көпүрөгө тийген. Бир нече турак жайга зыян келтирилди.

Санкт-Петербургдун башчысы Александр Бегловдун билдиришинче, чабуулдарда бир адам каза болуп, беш киши жаракат алды. Алардын баары ооруканада.

Беглов ошондой эле Санкт-Петербург мунай терминалында, "Ручьи" мунай базасында жана Колпино районундагы өнөр жай кампаларында өрт чыкканын ырастады.

Анын айтымында, соккунун натыйжасында 12 көп кабаттуу турак жай жана эки жеке үйгө зыян келтирилди.

Буга чейин Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко аймакта учкучсуз учактардын чабуулунан турак жайлардын бири жабыркаганын билдирген. Анын маалыматына ылайык, бир аял жана үч бала көмүр кычкыл газына уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилген.

Орусиянын бийлиги Санкт-Петербургга соккунун жүрүшүндө "ВКонтакте" социалдык тармагынын дата-борбору жана Ozon маркетплейсинин логистикалык борборунда өрт чыкканын ырастады.

Орусия Коргоо министрлиги ишемби, кечки саат 20:00дөн жекшемби күнү саат 08:00гө чейинки аралыкта абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 1015 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, дрондор Орусиянын 15 аймагынын, аннексияланган Крымдын жана Кара деңиздин үстүндө жок кылынган.



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG