Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:48

ИИМ жарандарды экстремисттик уюмдардын ишмердигинен сак болууга чакырды

Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды экстремисттик, радикалдык идеяларды жайылткан уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылуудан сак болууга чакырды.

ИИМ мындай уюмдар өздөрүнүн көз караштарын жайылтуу, жаңы мүчөлөрдү тартуу жана адамдарды мыйзамсыз аракеттерге түртүү максатында социалдык тармактарды, мессенжерлерди колдонорун билдирди. Мекеме тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигине катышуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Ал-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эл), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жунд-Ал халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирвал-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Ал-Имам Ал-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид валь-жихад”, “Йакын инкар”.

Андан тышкары 12-октябрда эле Бишкектин Октябрь райондук соту “Шумкар” кыймылынын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердиги экстремисттик деп тапкан.
Соттун чечимине ылайык, “Кумтөр голд компани” ишканасынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Сыргак Кенжебаев, чет өлкөдөгү активисттер Самат Кушбек жана Айдар Раевдин ишмердиги Кыргызстанда террористтик жана экстремисттик деп эсептелет.

2025-жылы Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт айт десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын иликтөөчү журналист Болот Темиров, “Клооп” медиасынын жетекчиси Ринат Тухватшиндин ишмердигин да экстремисттик деп тапкан. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG