Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:32

Юхан Догдурбек уулу күрөш боюнча U-23 дүйнө чемпионатынан күмүш медал алды

Юхан Догдурбек уулу.
Юхан Догдурбек уулу.

Кыргызстандык балбан Юхан Догдурбек уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалын алды.

Ал 61 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда кытайлык Бая Жилиангды 5:4 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште армениялык Саркис Бегоян менен килемге чыгып, атаандашын 10:8 эсебинде утуп, финалда АКШнын спортчусу Бенжамин Адам Давиного 4:1 эсебинде утулуп калды.

Жыйынтыгында ал күрөш боюнча U-23 дүйнө чемпионатынын күмүш медалын алды.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Эрлан Марс уулу (82 кг чейинки салмакта) жана Кубаныч Арынов (60 кг чейинки салмакта) 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG