Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Чүйдүн Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы (К.Н. жана С.К.) жана кызматкери кармалганын билдирди.
Райондук милициянын маалыматына ылайык, алар Достуктун карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүргөн деп шек саналууда. Бул иш боюнча милицияга 200дөн ашык адам арыз менен кайрылган.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)
Шерине