Францияда ишембиде кымбатчылыкка, күйүүчү майдын баасына каршы өткөн массалык нааразылык акцияларына болжол менен 550 миң киши катышканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Парижде, Марселде жана дагы бир катар шаарларда демонстрациялар полиция менен кагылышууларга айланып, тартип сакчылары нааразылык акциясын таратуу суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газды колдонушкан. Башка шаарларда башаламандыктар өрт коюу жана талап-тоноо менен коштолгон.
Франциянын Ички иштер министрлиги "зомбулук күчөгөнүн" билдирип, өлкө боюнча өткөн акцияларда жүздөгөн адамдар кармалганын маалымдады.
Ишемби күнү кечинде Франциянын премьер-министри Себастьен Лекорню нааразылык акцияларынын жүрүшүндө өлкө боюнча 1 200 адам кармалганын айтты. Анын айтымында, 150 полиция кызматкери жаракат алган.
Париж менен Марсел чыңалуунун негизги очокторуна айланды. Борбор калаада ыкчам аракеттенүүчү полиция бөлүктөрү жайгаштырылды.
Президент Эммануэл Макрон Францияда зомбулукка орун жок экенин билдирди.
"Тартипти бузгандар, префектураларга жана ишканаларга кол салгандар, атүгүл шаардык кеңештерди талап-тоногондор жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышат", - деп жазды Макрон X социалдык тармагында.
Францияда күйүүчү майдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары быйыл сентябрда тутанган. Кара майдын кескин кымбатташына Жакынкы Чыгыштагы кризис себеп болууда.
Октябрдын башында мектептер менен университеттердеги шарттын начардыгын, мугалимдердин жетишсиздигине, билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө нааразылык билдирген окуучулар жана студенттердин акциясы башталып, анын арты катуу тополоңго айланган.
Акцияга кийинчерээк мугалимдер, кесиптик кошуундар жана "Сары чапан" кыймылынын тарапкерлери кошулуп, жалпы өлкөгө тараган.
17-октябрда бир нече жумадан бери уланып жаткан нааразылык акциянын алкагында түмөндөгөн киши жапырт көчөгө чыгып, кымбатчылыкка, күйүүчү майдын баасына жана коомдук тейлөө кызматтарындагы көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышты.
Шерине