Өзбекстанда экстремизмге байланыштуу жаза жумшартылды. Президент Шавкат Мирзиёев 2-ноябрда Башкы прокуратура иштеп чыгып, август айында парламент жактырган мыйзамга кол койду. Өзгөртүүлөр 3-ноябрдан тартып күчүнө кирди.
Ага ылайык, мыйзам бузуу биринчи жолу катталган учурда административдик жоопкерчилик киргизилет. Бул өзгөртүү экстремисттик материалдарды жана символдорду сактоо же даярдоо менен байланышкан укук бузууларга биринчи жолу баргандарга тиешелүү. Мындай учурларда жарандарга 50дөн 100гө чейинки базалык эсептик өлчөмдө айып пул салынат. Кызмат адамдары үчүн айып пул 100дөн 150 базалык эсептик өлчөмгө чейин жетет же 15 суткага чейин административдик камакка алуу каралган. Кайрадан мыйзам бузулган учурда кылмыш жоопкерчилиги колдонулат.
Мындан тышкары, мыйзамдарда колдонулуп келген "диний экстремизм" деген түшүнүк "экстремизм" деген жалпы терминге алмаштырылды. Мыйзамдын авторлорунун айтымында, бул экстремизмди белгилүү бир динге байланыштырып көрсөтүүнү жоёт жана бирдиктүү укуктук мамилени камсыздайт.
Ошондой эле экстремисттик, сепаратисттик жана башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, аларды жетектөө жана алардын ишине катышуу үчүн жоопкерчилик кайра каралган. Буга чейин мындай аракеттердин баары бирдей жазага тартылып келген, тактап айтканда 15 жылга чейинки эркинен ажыратылган. Эми коомго коркунучу азыраак деп эсептелген аракеттерге, башкача айтканда мындай уюмдарга катышууга, аларды түзүү же жетектөөгө караганда жеңилирээк жаза белгиленди.
Мыйзамга ылайык, экстремисттик деп табылган уюмдардын жана материалдардын электрондук реестрин Юстиция министрлиги жүргүзөт. Ал министрликтин сайтына жайгаштырылып, жалпыга ачык болот.
Gazeta.uz басылмасынын маалыматына ылайык, эми "экстремизм" деп конституциялык түзүлүшкө кол салуу, бийликти басып алууга аракет кылуу же ага даярдык көрүү, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү түзүү же аларга катышуу, террордук ишмердүүлүккө ачык чакырыктар, улуттук, расалык, этностук же диний кастыкты козутуу, ошондой эле коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү сыяктуу аракеттер эсептелет.
Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда миңдеген адамдар экстремизм боюнча айыпталып камалып же соттолгон. Бийлик мындай катаал чараларды радикалдашуунун жана террордук коркунучтардын алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүрүп келген. Өзгөчө 1999-жылдагы Ташкенттеги жардыруулардан жана 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин көзөмөл күчөгөн.
Ал учурда сакал коюу, "туура эмес" мечиттерге баруу, хижаб кийүү же мамлекеттик цензурадан өтпөгөн диний адабияттарды үйдө сактоо да кармоого же айыптоого негиз болуп калган учурлар болгон.
БУУ, Human Rights Watch жана Amnesty International өңдүү эл аралык уюмдар Ташкентти экстремизм боюнча айыптардын бүдөмүк аныктамалары, оппозицияны кысымга алуу, абактардагы мечиттердин жабылышы жана кармалгандарга карата кыйноолордун системалуу колдонулушу үчүн бир нече жолу сынга алышкан.
Шерине