35 жаштагы Акай Кыдыров Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
Боршайкомдун сайтындагы маалыматка караганда, ал Орусияда туулган. Орто билимин Новопавловкадагы №2 мектепте аяктаган. 2013-жылы Кыргызстан эл аралык университетин Дипломатиялык жана консулдук кызмат адистиги боюнча аяктаган. Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиядан магистр даражасын алган. 2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо №19 округдан талапкерлигин койгон.
Буга чейин президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу ниетин билдирип, саясатчы Сыймык Жапыкеев, ишкер Аймен Касенов жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков БШКга арыз берген. Алар ушул тапта кол топтоп жатат.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.
Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.
Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт. Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Президент Садыр Жапаров да талапкерлигин коёрун айткан. Ал азырынча Боршайкомго арыз бере элек. (BTo)
Шерине