Президенттик шайлоодо талапкер болуу ниетин билдирген, жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын жетектеген Сыймык Жапыкеев Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттик шайлоого катышуу жөнүндө арыз берди. Бул тууралуу Жапыкеев "Азаттыкка" 28-октябрда билдирди.
"Президенттик шайлоого катышуу үчүн бүгүн Боршайкомго 1 млн күрөө төктүм. Талапкер болуу ниетимди билдирип, арызымды бердим", - деди Жапыкеев.
Боршайком да бул тууралуу расмий маалыматын таратып:
"Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт", - деп билдирди.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго буга чейин эки адам арыз берген. Алгач ишкер Аймен Касенов 14-октябрда кайрылган. 27-октябрда дагы бир жаран Азамат Эсенбеков арыз бергенин БШКнын басма сөз кызматы маалымдаган.
Сыймык Жапыкеев 24-октябрда кыргыз тили боюнча сынактан өткөнүн жарыялаган. 8-октябрда ал “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, өтпөй калган. Лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алган эмес.
Президенттик шайлоо Кыргызстанда 27-январда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерден арыз алуу шайлоого 75 күн калганда, 13-ноябрда токтойт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин жүргүзүлөт. (ZKo/TAb)
Шерине