Бишкекте кайрадан ыш маселеси башкы көйгөй болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева парламенттин 28-октябрдагы отурумунда айтып чыкты. Депутат өзгөчө оор абал Бишкектин четиндеги Орок, Боз-Бөлтөк айылдарында, ал жакта абанын булганышына алып келип жаткан ишканалар бар экенин айтты.
"Абанын булгануусуна үйлөрдүн көмүр менен жылытылуусу, автоунаалар менен катар өндүрүштүк ишканалар да себеп болуп жатышат. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматында 2024-жылы Боз-Бөлтөктөгү беш ишканада экологиялык талаптар бузулганы айтылган. 2025-жылы да текшерүү жүргүзүлгөн, тапшырмалар берилген. Ошол текшерүүлөрдөн кийин эл үчүн эмне өзгөрүү болду? Абанын сапаты жакшырдыбы? Жергиликтүү элдин катышуусу менен текшерүү жана лабораториялык өлчөөлөр жүргүзүлүп, жыйынтыктары ачык жарыяланышына протоколдук тапшырма берилүүсүн өтүнөм", - деди Рахат Жунушбаева.
Күн суукташы менен Бишкек кайрадан абасы булганган шаарлардын сап башына чыкканы 27-октябрда белгилүү болду. Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын, булгануу деңгээлин изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек бул күнү саат 15:20да Багдад менен Каирден кийин 3-орунда турду. Сайттагы маалыматка ылайык, Бишкектеги абанын сапатынын индекси 185 болду. Бул "саламаттыкка кооптуу" деп эсептелет.
World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат.
Быйыл февралда Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдык индексти (AQI) 324 деп берди. Жыл башында - январь айында түнкүсүн бул көрсөткүч 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашкан.
Ошол эле айларда кыргыз өкмөтү соңку эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырып жатканын билдирген.(ZKo)
Шерине