Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

Финляндия орусиялык активистке башпаанек берүүдөн баш тартып, аны депортациялоо чечимин чыгарды

Хельсинки. Иллюстрациялык сүрөт.
Хельсинки. Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндиянын Чыгыш Финляндия административдик соту 7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан качып барган 44 жаштагы анархисттик көз караштагы активист Михаил Луньковскийге башпаанек берүүдөн баш тартуу тууралуу Миграция кызматынын чечимин күчүндө калтырды. Луньковскийди Орусияга депортациялоо чечими чыгарылды. Бул тууралуу Финляндияда жашаган активист Светлана Уткина билдирди.

Луньковский көп жылдар бою Санкт-Петербургдагы нааразылык кыймылдарына активдүү катышып келген. Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан кийин ал согушка ачык каршы чыккан.

Ал, «Медиазона» басылмасына билдиргендей, согуш башталганда эле Орусиянын банк карталарынан Украинанын «Повернись живим» сыяктуу фонддоруна акча которгон. Ошондой эле ар кандай чаттарда согушка каршы пикирлерин жазган.

2017–2018-жылдардан бери Луньковский Орусия бийлигин жана Украинаны басып алуу аракетин сынга алган публицист Аркадий Бабченконун Telegram-каналынын чатында модератор болуп иштеп келген. Бабченко 2017-жылдан бери Украинада жашайт. 2020-жылы Орусияда ага терроризмди актоо боюнча айып тагылган.

2022-жылы Луньковский жубайы - Украинанын жараны менен бирге Орусиядан чыгып кеткен. Жубайы Румынияга барса, Луньковский алгач виза менен Финляндияга кирип, кийин анын жанына барган.

Румыниядан башпаанек сураган, бирок Дублин регламентине ылайык, румын бийлиги анын арызын виза берген Финляндияга жөнөткөн.

Луньковский Финляндиянын Миграция кызматы менен алгачкы маектешүүнү дээрлик эки жыл күткөн. Маектешүү 2025-жылдын 9-майында гана өткөн. Ошол эле жылдын 2-июлунда ага башпаанек берүүдөн баш тартылган.

«Медиазона» басылмасы соттун чечимине шилтеме берип жазгандай, сот Луньковскийдин 2000-жылдардын башында активисттик ишмердүүлүк жүргүзгөнүн жана интернетте саясий көз караштарын билдиргенин далилденген фактылар катары кабыл алган. Бирок сот анын социалдык тармактардагы ишмердүүлүгү «өтө эле чектелүү мүнөздө болгон» деген тыянакка келип, ал Орусия бийлигинин өзгөчө көңүлүн бурат деген далилдерди тапкан эмес.

Эми Луньковский Финляндиянын Жогорку административдик сотуна даттанууну көздөп жатат.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG