Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келаткан Алексей Ширшов тууралуу кайрадан комментарий берди.
Мамлекет башчы super.kg сайтынын суроолоруна жооп берип жатып Алексей Ширшовдун компаниясы достору менен бирге жардам катары 271 миллион 549 миң сомго “Күрпсай” ГЭСине 2 жаңы автотрансформатор орнотконун, 318 миллион 794 миң сомго “Камбар-Ата” көмөк чордонун реконструкция кылганын, мындан тышкары 125 миллион 161 миң сомго 36 чакырым 110 (кВ) киловольт электр чубулгыларын алмаштырганын айтты. Президент муну менен жардамдын жалпы суммасы 715 миллион 504 миң сом экенин билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстанда Алексей Ширшовдун финансылык кызыкчылыгы жок экенин, ага “мыйзамсыз иштерге аралашпа” деп эскертүү бергенин кошумчалады.
“Мен Ширшовго башында эле эскертип: “Илгеркидей ар кандай тетиктерди министрликке кымбат сата салам деп ойлобо. Эгер ушундай аракеттериңди баштасаң, түрмөгө кетесиң”, - деп чек ара сызыгын чийип бергемин. Ошол үчүн ал жардам бергенди гана билет, бирок бир дагы мамлекеттик мекемелердин иштерине кийлигишпейт. Илгеркидей “Ширшовдун схемасы” деген түшүнүк азыр жок. Муну азыркы иштеп жатышкан энергетиктердин баары билишет”, - деди ал.
Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун айланасындагы маселе боюнча Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапары маалында 24-октябрда Токтогулда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып да комментарий берген.
Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү катары атап келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.
2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров буга чейин да түшүндүрмө берген. Анда Алексей Ширшов менен жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Алексей Ширшовго кылмыш иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Алексей Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.
Алексей Ширшов убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келет.
2026-жылы сентябрда Алексей Ширшов өзүнүн атындагы фондду “жеке каражатынын эсебинен каржылап жатканын”, “эч кандай саясий дымагы жок экенин”, “Каракол жубайы ушул шаардан болгондуктан тандалганын” айткан видеотасма жарыяланган.
Алексей Ширшов муну менен биринчи жолу коомчулукка ачыкка чыккан. Буга чейин ал Кыргызстанга байма-бай келип, айрым мамлекеттик иштерге да аралашканы тууралуу сөздөр айтылып, бийлик аны четке каккан. (BTo)
Шерине