Ширшов өзүнө кайрылганда 30–35 миллион долларлык, кубаттуулугу 30 мегаватт болгон майнинг фермасын курууну сунуштаганын билдирди. Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгону айтылып жүрөт. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайра келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган. Ширшовду убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөнүн расмий кишилер дагы айтып чыкканы бар.
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусун кыдыруунун алкагында Токтогулдун эли менен район борборунда 24-октябрда жолугушту. Анда жергиликтүү тургундардын бири, өзүн Чыңгыз деп тааныштырган жаран энергетикадагы кризис маалындагы майнинг фермаларга байланышкан маселени козгоп, президентке мындай суроо узатты:
"Бизде 5 кВт саатка такап койдуңуздар, азыр элдин суроосу, талабы ушундай болуп жатат. ГЭСтерде майнинг компанияларга берип жатыпсыздар, мисалы Ширшов деген бар экен элдин айтымына караганда. Ошолорго электр энергиясы берилип жатат, аны майнинг компанияга бербей, Токтогул элине 8-10 кВт саат берсеңиздер болбойбу деген суроом бар эле", - деген суроону залда отургандар коштоп турушту.
Президент Садыр Жапаров бул суроого жооп берип жатып, энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөнү айтылып келген Алексей Ширшов, анын Кыргызстандагы долбоорлору, кайсыл тармакка канча акча салганы тууралуу алгачкы жолу кененирээк маалымат берди.
"Ой, жакты ээ, залдагыларга, Ширшов дегенде. Саясатчылар, блогерлер дейбизби, келечекте депутат болом дегендер элге көрүнүш үчүн эле эки теманы козгойт да Кыргызстанда. Мен кененирээк жооп берейин, ырас Ширшов тууралуу сөз кылып калдың сен. Биринчиси эле Кытай, экинчиси эле Ширшов. Ар бир саясатчынын оозунан Ширшов түшпөйт".
Жапаров Ширшовдун ысымын саясатчылар бийликке каршы сын-пикир үчүн колдонуп келгенин айтты. Ал убагында мурдагы президент Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып кеткенге чейин Максим Бакиев менен өнөктөш болгонун, энергетика системасын чогуу башкарышканын жана уурдаганын билдирди.
"Чындыгында уурдаган алар. 100 миң долларлык трансформаторду алып келип өткөрүп, аны 1 млн долларга баалап, зымдарды... Чындыгында алардын убагында болгон".
Жапаровдун айтымында, Ширшов 2021-жылы "бирөөлөр аркылуу байланышып", кийин Кыргызстанга келип, Максим Бакиевдин мүлкү, аны ким пайдаланып жатканы тууралуу маалымат берген. Анын айткандары менен 20 млн доллардын тегерегиндеги мүлк мамлекетке өткөнүн кошумчалы. Чет өлкөдөгү, Франциядагы мүлкү боюнча Юстиция министрлиги иш алып барып жатканын кошумчалады. Ал эми майнинг компания тууралуу маселеге токтолуп, Алексей Ширшов өзүнө кайрылганда 30–35 миллион долларлык, кубаттуулугу 30 мегаватт болгон майнинг-ферма курууну сунуштаганын билдирди.
"Камбар-Ата-2ге эмнеге майнинг? Ширшовго электр энергиясын берип, эмнеге бизге бербейсиңер деп айтып жатпайсыңбы. Ал учурда энергетика министри Таалай Ибраев эле. Ал "Камбар-Ата-2нин 1-агрегаты эле коюлган, 120 мегаватка генератор коюлган, бирок 90ун гана элге жеткире алабыз" деди. Анткени линиялар эски, трансформаторлордун күчү жетпейт, 30 мегаватт жөн эле калып калып жатат. Ширшов келип мага отчет берип, Максим жөнүндө айтып берди, качканда бүт акчанын баары Максимде кеткен экен дагы досторунун баары таштап, бир тыйын бербептир. Баары талаада калыптыр. Керек болсо атасына акча бербейт дейт. Анан эмне кылдың десем орусиялык, европалык олигархтар менен бизнес жасап бутума турдум, азыр жакшы эле байлыгым бар деди. Ошончо акчаң болсо 30-35 млн доллардын тегерегинде акча коротот экенсиң, бекер жатканча майнинг кой, ошону 4-5 жылда иштетип, мамлекетке бекер өткөрүп бересиң дедим. Аны мен курдурганмын, "төрт-беш жылда актайм" деди. Азыр эки жыл өттү, дагы эки-үч жылда 100% Улуттук электр тармагынын балансына таштап кетет", - деди Жапаров.
Жапаров уюшкан кылмыштуу топтун башчысы деп аталган Камчы Көлбаевге тиешелүү "Барс" эс алуу жайын мамлекеттин пайдасына эки эсе кымбат баада Ширшов сатып алганын, 100 млн долларлык инвестиция салганын кошумчалады. Жакында Каракол шаарына демөөрчү катары 100 млн доллар каражат бөлгөнүн, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн доллар он жылга пайызсыз карыз алышканын айтты. Мындан сырткары Ширшов чет өлкөлүк достору менен 30дай тарыхый жайларды реставрация кылууга 100 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүп жатканын билдирди.
Ширшовго козголгон кылмыш ишине да токтолуп, ал бир иши боюнча айып пул төлөгөнүн, экинчи ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен токтотулганын кошумчалады.
Кыргызстанда энергетика жана башка тармактардагы айрым кылмыш иштеринде аты аталган Алексей Ширшовдун Кыргызстандагы ири долбоорлорго аралашып жатканы коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштап келет.
Ширшовдун ысымы соңку 20 жылдан бери кыргыз саясатында, айрыкча оппозицияда маал-маалы менен аталып, аны энергетика тармагындагы көмүскө иштерге байланыштырып келишет. Алтургай "Ширшовдун схемасы" деген термин пайда болгон.
Бул схема тууралуу буга чейинки маектеринде дагы кенен айтып жүргөн энергетика тармагы боюнча эксперт Сапар Аргымбаев Ширшов Кыргызстанга демөөрчүлүк кылган каражаттын булагына кызыкты.
"Садыр Жапаров Бакиев учурунда коррупция боюнча комиссар болуп туруп кантип Ширшовдун кылыктарын билген эмеспи? Билген да, Түндүк электрди сатып алган 3 млн долларга, жеке компания - "Чакан ГЭСти" сатып алган, ошондо мамлекеттик электр энергияны 16 тыйындан алып, Казакстанга сатып жиберген. "Чакан ГЭС" жылына 150 млн кВт иштеп чыгат, анын компаниясы, Ширшов баш болуп 1,5 млрд электр кВт энергияны Казакстанга сатып жиберишкен. Ширшовдун кылыктарын билет да, аны билмексенге окшоп, "сурасам эч нерсе жок экен, Бакиев таштап кетиптир, анан жакшы достору бар экен, 100 млн бул жакка, 100 млн долларды тигил жакка берди" деп суктанып айтып жатат. Кечээги ууруну, Кыргызстанды тоногон адамга суктанып, силер дагы суктангыла дегендей айтып жатканы Кудайга жакпаган иш. Билбейм кайда баратабыз, кечээ аны укканда өзүмчө жаман болдум. Эмнеге жалпы элди ушунча пас көрөт? Кечээги ууру, убагында соттолуп, анын айынан качып жургөн адамдарга ушунча суктанганына мен түшүнбөй жатам. 100 млн доллар 100 миң сомдон сезилип эле чачып жатат. Максим качып кетсе, 10 жыл жашап кайра келсең, муну кайдан алып жатасың деген суроо койбой, Каржы министрлигине акча берди, аны кайра беребиз дейт. Өзүнө дагы суроо бергиси келбейт, элге дагы бергизбейт, суроо көп".
Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү катары атап келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.
2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров буга чейин да түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан.
Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.
Ушул эле жылы Жогорку сот "Коррупция" беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирген.
Ысымын коррупция жана көмүскө схемалар боюнча көптөгөн чуулар коштоп жүргөн 50 жаштагы ишкер Алексей Ширшов быйыл күзүндө биринчи ирет коомчулукка ачыкка чыккан. Буга чейин ал Кыргызстанга байма-бай келип, айрым мамлекеттик иштерге да аралашканы тууралуу сөздөр айтылып, бийлик аны четке каккан.
Быйыл июнда Кыргызстанда “Ширшов фонду” деген коомдук фонд ачылган. Уюмдун түзүүчүсү да, башкаруучусу да Алексей Ширшов өзү экени көрсөтүлгөн.
"Ширшов деген ким? Анын эл арасындагы аты же лакабы – "энергобарон". Кыргызстандагы энергетика системасын эңшерип кеткен, же болбосо, талкалап кеткен адам. Ширшовду азыркы балдар билбейт болуш керек. Бул Айдар кеткенден кийин Максимге өттү, анын убагында ЦАРИИде, “Дастанда” жүрдү. Бул Кыргызстандагы коррупциянын символу", - деген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков 2022-жылы.
Өлкөдөн чыгып кеткен журналист Улукбек Бабакулов президенттин Ширшов тууралуу айткандарына байланыштуу Фейсбук баракчасына пикирин жазып, бир нече суроо салды.
"Камбар-Ата-2 ГЭСиндөгү криптовалюта майнингине байланыштуу. Жапаровдун айтымында, станциянын 120 мегаватт кубаттуулугунун 90 мегаватты гана электр тармагына бере алат, ошондуктан калган 30 мегаватт кубаттуулукту криптовалюта майнингине бөлүп берүү чечими кабыл алынган. Бул жүйөлүүдөй сезилгени менен, дагы деле суроолор бар. Эмне үчүн дал майнинг? Электр тармагын модернизациялоо варианты каралды беле? Инвестор электр энергиясын кандай тариф менен алат? Инвестор канча киреше табат жана мамлекетке канча түшөт? Мен бул долбоорлор мыйзамсыз же пайдасыз деп айткым келбейт, балким баары эле ойдогудайдыр. Бирок, эгер ошондой болсо эмне үчүн президенттин сөздөрү тиешелүү эсептөөлөр жана келишимдер менен бекемделбейт? Эч ким андан эл менен жолугушууда келишимдерди окуп берүүнү талап кылып жаткан жок. Бул мамлекеттик органдардын милдети, алар өздөрү документтерди жарыялашсын. Эгер мен ошол жолугушууда болгонумда, мындай суроо бермекмин: "Урматтуу президент, сиз Камбар-Ата-2 ГЭСинде криптовалюта майнинги абдан кирешелүү болгондуктан, инвестор 30–35 миллион долларлык инвестициясын төрт-беш жылдын ичинде кайтарып алат деп айтып жатасыз. Эмне үчүн мамлекет бул долбоорду өзү каржылоону, майнингден түшкөн кирешени толугу менен өзүнө алууну жана жабдууларга дароо ээлик кылууну караштырган жок? Эгер мамлекетте зарыл каражат жок болсо, анда башка жолдор мисалы, мамлекеттик насыя, биргелешкен ишкана түзүү же жеке инвестиция тартуу сыяктуу варианттар каралып, салыштырылып көрдүбү? Эсептөөлөргө ылайык, чарба мамлекетке өткөрүлүп берилгенге чейинки иштөө жылдарында Ширшов канча киреше табат?" - деп жазды Бабакулов.
Акыркы жылдары Ширшовдун аты Кыргызстанда көп аталып, талкууланып жатат. Быйыл февраль айында ал “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө катышканы билинип, талкууга түшкөн. Президент Садыр Жапаров ГЭСтин курулушуна байланыштуу Кыргызстан менен “Русгидронун” ортосундагы маселени чечүүгө Алексей Ширшов жардам берип жатканын билдирген.
Быйыл сентябрда Караколдогу иш-чаралардын биринде Ширшов өзүнүн атынан түзүлгөн фонд боюнча комментарий берип, саясатка байланыштуу амбициясы жок экенин кошумчалаган.
Шерине