Израилде Кнессетке шайлоодон кийинки жаңыланган экзитполдор мурда алдыда деп көрсөтүлгөн оппозиция менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун блогу дээрлик тең чыкканын көрсөттү.
Акыркы маалыматтарга караганда, Башкы штабдын мурдагы жетекчиси Гади Айзенкот баштаган оппозициялык блок жана Нетаньяху жетектеген бийликчил күчтөр парламенттен 51ден орун алышы мүмкүн. Ал эми Channel 12 телеканалынын жаңыланган эсебинде Нетаньяхунун блогу 52, Айзенкоттун блогу 50 мандатка ээ болору болжолдонууда.
Шайлоонун алгачкы экзитполдору Айзенкоттун тарапкерлерине артыкчылык берип, алардын 52-53 орун аларын көрсөткөн. Бирок кийинчерээк жарыяланган маалыматтар эки негизги саясий лагердин мүмкүнчүлүгү тең экенин көрсөттү.
Израилде өкмөт түзүү үчүн Кнессеттеги 120 орундун кеминде 61ин камсыздаган коалиция керек. Экзитполдор көрсөткөндөй, азырынча бул көрсөткүчкө бир дагы блок өз алдынча жете албай жатат.
Ошол эле учурда араб партиялары тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирине жетип, 17-18 мандат алышы мүмкүн экени айтылууда. Серепчилер алардын ийгилиги негизги эки ири саясий блоктун өкүлчүлүгүн кыскартышы мүмкүн экенин белгилеп жаташта.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 77,7% катышкан. Бул 1999-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болду.
Буга чейин Гади Айзенкот алгачкы экзитполдорду комментарийлеп, аларды Нетаньяху өкмөтүнө болгон "толук ишеним көрсөтпөө" катары баалаган. Ал эми Нетаньяху расмий жыйынтыктар чыга электе жыйынтык чыгарууга эрте экенин билдирди.
Шайлоонун расмий жыйынтыктарын эсептөө дагы бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр да узак убакытка уланышы ыктымал. Азырынча өлкөнү учурдагы өкмөт башкара берет.
Шерине