Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:13

Футболчу Килиан Мбаппе Мао Цзэдун тууралуу айтканы үчүн кечирим сурады

Футболчу Килиан Мбаппе.
Футболчу Килиан Мбаппе.

Килиан Мбаппе Кытайдын бир катар бренддери менен демөөрчүлүк келишимдеринен ажырагандан кийин Мао Цзэдун тууралуу айткандары үчүн кечирим сурады.

Мадриддин «Реал» клубунун француз футболчусу Килиан Мбаппе Кытайдын мурдагы лидери Мао Цзэдунду диктатор деп атаганы үчүн кечирим сурады. Бул билдирүүдөн кийин бир катар кытайлык бренддер аны менен түзүлгөн демөөрчүлүк келишимдерин токтотушкан.

Мбаппе шейшембиде соцтармактарга жарыялаган билдирүүсүндө француздардын The Bridge ток-шоусунда айткан сөздөрү ойлонулбай айтылганын белгилеген. Анын айтымында, бул сөздөр Кытайдагы көптөгөн адамдардын, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү кытай коомчулугунун өкүлдөрүнүн көңүлүн оорутканын кийин түшүнгөн.

Быйыл жазында 27 жаштагы футболчу аталган берүүгө катышып, 2024-жылы тараган мемдер сериясындагы өзүнө жаккан сүрөттү тандоо өтүнүчүн алган. Ал мемдерде Мбаппе Мао Цзэдундун образында көрсөтүлгөн.

«Кимдир бирөө жасаган мем эле... Анда кытайлык диктатор болсо керек эле», - деген футболчу. Ал өзүнүн жүзү Мао Цзэдундун сүрөтүнө коюлган мем тууралуу айтып жаткан.

Бул сөздөрүнөн кийин футболчу Кытайдагы бир нече компания менен түзүлгөн демөөрчүлүк келишимдеринен ажыраган. Алардын арасында спорттук суусундуктарды чыгарган Dongpeng жана сыр өндүрүүчү Milkground компаниялары бар.

«Диктатор» тууралуу мемдер Мбаппенин мурдагы клубу болгон Париждин «Пари Сен-Жермен» командасындагы таасиринин өсүшүнө байланыштуу пайда болгон деп эсептелет. 2024-жылы футболчу Испаниянын «Реал Мадрид» клубуна өткөндөн кийин бул мемдер дагы кеңири тараганын Reuters агенттиги жазды.

Испаниянын футбол лигасынын (Ла Лига) президенти Хавьер Тебас да Мбаппенин сөздөрүн сынга алып, Кытай элинен кечирим сураган. Ал Кытай менен мамилелерди сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, көп жылдар бою түзүлгөн байланыштарды бир эле окуядан улам бузууга болбой турганын айткан.

Кытайдын өзүндө коммунисттик мамлекеттин негиздөөчүсү Мао Цзэдун тууралуу тамашаларга тыюу салынган. Ал 1976-жылы каза болгон. Тарыхчылар Маону миллиондогон адамдардын өмүрүн алган ачарчылыкка алып келген радикалдуу саясат үчүн жооптуу деп эсептешет.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG