Сейсмология институту 4-ноябрга караган түнү очогунда күчү 5,5 баллга (магнитудасы Mpv=5,9) жеткен жер титирөө болгонун билдирди. Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү Бор–Дөбө айылында 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол айылында 4 балл, Дароот-Коргон жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Ушул эле күнү экинчи жолу очогунда күчү 3,5 баллды түзгөн жер титирөө катталган.
Көп өтпөй күчү очогунда 4,5 баллга (магнитудасы Mpv=4,7) жеткен жер титирөө болгон. Расмий маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасындагы Бор-Дөбө айылынан 8 км түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 35 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 126 чакырым түштүк-чыгышта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Бор–Дөбөдө 4,5 баллга жакын, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол, Нура айылдарында 3,5 баллга жеткен. Жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар бар-жогу тууралуу маалымат жок. (BTo)
Шерине