Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Улуттук банк валюта базарына дагы 214 миллион 550 миң доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 2-ноябрда валюта базарына дагы 214 миллион 550 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 7-октябрда валюта рыногуна 207 миллион 550 миң доллар чыгарган. Ушуну менен Улуттук банк 2026-жылы 13 жолу интервенция жасады.

2025-жылы жалпы сегиз жолу интервенция жүргүзүлүп, 853 миллион доллар сатылган.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG