Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Уиткофф Орусия–Украина сүйлөшүүлөрү Абу-Дабиде өтөрүн айтты

Стив Уиткофф
Стив Уиткофф

Орусия менен Украинанын АКШ ортомчулугу менен кезектеги сүйлөшүүлөрү 10-11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтөт. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф 3-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда согуштан кийинки коопсуздук маселелери, чыңалууну азайтуу, гуманитардык демилгелер жана тынчтыкка жетүү боюнча кийинки кадамдар талкууланат. Сүйлөшүүлөр жумуш топтордун деңгээлинде өтөт.

Уиткофф ошондой эле ушул аптада америкалык арачылар Брюсселде Франция, Германия, Улуу Британия, Евробиримдик жана НАТОнун өкүлдөрү менен жолугарын айтты. Анда Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери, Европанын согуштан кийинки коопсуздук архитектурасы жана Украинаны калыбына келтирүүгө экономикалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланары айтылды.

Октябрь айында АКШнын атайын өкүлү Ослодо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, андан кийин Санкт-Петербургга барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн.

АКШнын ортомчулугу менен өткөн Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн буга чейинки айлампасы быйыл февраль айында, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталар алдында өткөн.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG