Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) өлкөнүн батышындагы Атырау шаарында 10 адам кармалганын, алар аймакта конституциялык түзүлүштүн негиздерин күч менен өзгөртүүгө аракеттенген деп шектелип жатканын билдирди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, кармалгандар экстремисттик топ түзүүгө, аны жетектөөгө жана ишмердигине катышууга, ошондой эле терроризмди пропагандалоого жана диний кастыкты козутууга шектелүүдө.
Тинтүү маалында алардан ок атуучу курал, баңгизат, диний атрибутика, китептер жана башка далил заттар алынганы маалымдалды. Ошондой эле күч органдары аталган топтун мүчөлөрү уюштурган балдар жана өспүрүмдөр үчүн үч көмүскө окуу борборунун ишин токтоткону белгилүү болду.
УКК айрым кармалгандар мурда терроризмге жана башка кылмыштарга байланыштуу соттолгонун билдирди.
Шерине