Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

"ВКонтакте" социалдык түйүнү Кыргызстанда салык төлөй баштады

Мамлекеттик салык кызматы орусиялык “ВКонтакте” социалдык түйүнү Кыргызстанда салыктык каттоодон өтүп, салыктык милдеттенмелерин аткарганын билдирди.

Мекеме чет өлкөлүк санарип компаниялардын салыктык каттоодон өтүшү жана салыктарды төлөшү катталган өлкөсүнө карабастан, рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кыларын кошумчалады.

“Мамлекеттик салык кызматы “ВК” ЖЧКсынын жоопкерчиликтүү мамилесин кубаттайт жана Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөткөн бардык чет өлкөлүк уюмдардын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоосун камсыздоо боюнча иштерди улантат”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Google, Amazon, Netflix, Яндекс Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible, Яндекс Go, Vaskiani Ventures, Xsolla жана Adobe сыяктуу электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар салык төлөй баштаган.

2022-жылы Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга 12% кошумча нарк салыгы киргизилген. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG