Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Салык кызматы “Google салыгы” менен акча түшө баштаганын билдирди


Meta (Facebook) компаниясынын эн белгиси.
Meta (Facebook) компаниясынын эн белгиси.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар бюджетке кошумча нарк салыгын төлөп жатканын билдирди.

Мекеме аны “Google салыгы” деп атап бир жылда 39 чет элдик компания Салык кызматынын vat.salyk.kg сайты аркылуу аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөнүн кабарлады.

АКШдан алты, Дубайдан, Ирландиядан, Нидерланддан төрттөн, Улуу Британиядан, Канададан, Кипрден үчтөн, Бириккен Араб Эмираттарынан, Орусиядан жана Люксембургдан, Кайман аралдарынан, Латвиядан, Япониядан экиден, Эстониядан, Армениядан, Казакстандан, Швециядан бирден компания катталган.

Алардын арасында Google, Amazon, Netflix, Яндекс Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible сыяктуу белгилүү ишканалар бар. 2022-жылы чет элкөлүк төрт компания – Яндекс Go, Vaskiani Ventures, Xsolla жана Adobe бюджетке 85 миллион сомдон ашык кошумча нарк салыгын төккөн.

2022-жылы Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга 12% кошумча нарк салыгы киргизилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG