Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Аба ырайы: үшүк жүрөт


Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 4-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3° болуп үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…+2.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG