Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

ИИМ: Түптүн тургунунан 20 килограммга жакын баңгизат алынды


Ички иштер министрлиги кармаган баңгизаттардын бири. Сүрөттүн кабарга тиешеси жок.
Ички иштер министрлиги кармаган баңгизаттардын бири. Сүрөттүн кабарга тиешеси жок.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургунунан сегиз килограммга жакын марихуана жана 11 килограммдан ашык гашиш баңгизаты табылганын билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2022-жылы Кыргызстанда баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлган.

Былтыр маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 6,6 тонна баңги каражаттары алынган. Анын басымдуу бөлүгүн прекурсорлор түзөт (5 тоннадан ашуун). Милиция бир жыл ичинде 76 кг героин, 169 кг гашиш, 281 кг марихуана, 230 кг психотроптук заттар, кара куурай, апийим кармалганын кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG